Башкы беткеСаясат жана коомКоомТашиев Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алганы маалымдалды

Ташиев Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алганы маалымдалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакулов менен жолугушту. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнүн булагы кабарлаганын Sputnik жазды.

Маалыматта жолугушууда “Жалданмачылык” беренеси боюнча шектелип кармалгандар, анын ичинде “Русский дом” уюмунун Ош шаарындагы кызматкерине байланышкан маселелер талкууланганы айтылат.

Булактын билдиришинче, тергөө органдары камактагы айрым адамдардын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн караштырган.

Эске салсак, буга чейин Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Наталья Секерина жана дагы үч жаран “Жалданмачылык” беренеси менен шектелип кармалганы маалым болгон.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар