whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖер энебизди жеп бүткөнү калдыкпы?

Жер энебизди жеп бүткөнү калдыкпы?

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда экологиялык көйгөйлөр арбын жана алар бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Тоолуу аймак болгондуктан өлкөбүздө жер көчкү, сел, кар көчкү, жер титирөөлөр көп болот. Мындан сырткары, Кыргызстанда абанын, айлана-чөйрөнүн, суулардын булганышы, тоо кендеринин экологиялык талаптарга ылайыксыз иштетилиши, токой массивдеринин кескин азайышы, турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү менен утилдештирүүнүн жолго салынбаганы, биотүрдүүлүктү сактоо, айдоо аянттарын, жайыттардын сапатын жакшыртуу, климаттын өзгөрүшү сыяктуу бир топ экологиялык негизги көйгөйлөр бар.

Экологиялык эффективдүүлүк индекси (EPI) боюнча Кыргызстан экологиялык абал жана экосистеманын жашоо жөндөмдүүлүгү боюнча 180 өлкөнүн ичинен 99-орунда турат. Анын ичинен абанын сапаты боюнча 132-орун, суунун булганышы жана санитардык абал боюнча 104-орун, биотүрдүүлүк боюнча 97-орунда турат. Бишкек жана Ош шаарларында абанын кескин булганып кеткени тууралуу ЖМКларда байма-бай коңгуроо кагылып келет. Шаар жерлериндеги, калк жыш жайгашкан аймактардагы абаны тазартуу оңой иш эмес жана ал эл аралык деңгээлде гана чечилиши мүмкүн. Себеби, экологияны жакшыртуу ири суммадагы каражаттарды, күчтү, адамдардын аң-сезимдүү аракеттерин талап кылат.

Уулуу калдыктар учурда да кооптуу

Кыргызстанда ар кандай тоо кендери чет өлкөлүк компаниялардын жардамы менен көп жылдардан бери иштетилип келет. Кен иштетүүчү ишканалар адырлардын, тоолордун арасында жайгашкандыктан, жүз миллиондогон тонна тоо кен калдыктары кезинде ар кай жерлерде калтырылып кеткен. Алардын айрымдары ушул кезге чейин оор металлдар, радиоактивдүү материалдар жана цианиддер менен айлананы булгап келе жатат. Мындай калдык сактоочу жайлардын айрымдары тоолордогу дарыялардын, суулардын бассейндеринде жайгашкандыктан сел, жер көчкү болсо төмөнкү региондордун, ал тургай коңшу мамлекеттердин экологиясына чоң зыян келтириши мүмкүн. Айрыкча Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен аймактары үчүн булар өтө кооптуу.

Мындай калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо, зыянсыздандыруу маселеси көп жылдар бою айтылып келе жатат. Мисалы, Кыргызстандын Миң-Куш айылында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин иштетилген урандын “Талды-Булак”, “Туюк-Суу”, “Как”, “Дальнее” деген калдыктары бар. Убагында Сталиндин буйругу менен салынган шаарчада жашоо кайнап, уран тынымсыз өндүрүлүп турган. 1969-жылы уран кору түгөнгөнүнө байланыштуу кенди иштетүү токтотулган. Кокус жер титирөө болсо бул уран калдыктары Миң-Куш суусуна, андан Нарын дарыясына кошулуп кетиши толук ыктымал. 2004-жылы бул аймакта зилзала болуп, жер алдында чоң жарака пайда болгону да маалым.

Мындай уран иштетилген жер Майлуу-Суу шаарчасында да бар. СССР тараган соң 1991-жылы уран өндүрүү токтоп, бул жердин жашоочулары 23 уран калдыктары жана 13 таштандылары менен бетме-бет калып кетишкен. Тилекке каршы, мындай ачык асман алдында жаткан уулуу химиялык ишкана калдыктары Кыргызстандын бир нече жеринде бар. Айрым маалыматтарда Кыргызстанда 250 млн. метр куб уулуу жана ридиоактивдүү калдыктары бар 92 тоо кен иштетүүчү мекеме бар экени айтылат. 1999-2007-жылдары мындай калдык сактоочу жайлардын аянты 189,3 гектардан 381 гектарга чейин көбөйгөн.

Уулуу калдыктардын негизги бөлүгү Ысык-Көл (61,4%) жана Баткен (25,8%) облустарына туура келет. Баткен облусунда алардын пайда болушунун негизги булактары Айдаркен сымап комбинаты жана Кадамжай сурьма комбинаты болуп саналат. Ысык-Көл облусунда 1997-жылдан бери калдыктардын көлөмү “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн натыйжасында кескин көбөйгөн. Көптөгөн радиоактивдүү калдыктарды сактоо жайлары калктуу пункттарга өтө жакын жайгашкан. Ошол себептен алар адамдардын ден соолугуна зыян келтириши толук мүмкүн. Бүгүнкү күндө жаратылыш кубулуштарынын көбөйүшү менен сел, жер, кар көчкүлөр көбөйдү. Кокус зыяндуу калдыктар сел, жер көчкүгө кошулса радиоактивдүү заттардын айлана-чөйрөгө тароо коркунучу жаралат. Анын үстүнө бизде радиоактивдүүлүктүн канчалык деңгээлде тараганын так көрсөтүп туруучу жабдыктар жок.

Абаны булгап, жайыттарды жайдактап жатабыз

Кыргызстандагы дагы бир негизги экологиялык маселе – абанын булганышы. Абанын булганышынын негизги булактары болуп – курулуш материалдарын чыгаруу сектору, тоо кендерин иштетүү, кайра иштетүү өнөр жайы, сапатсыз көмүр жаккан жеке турак үйлөр жана транспорт эсептелет. Ошондой эле Бишкек ЖЭБине көмүрдүн көп колдонулушу да орчундуу көйгөй. Кыргызстандын башка облустарына салыштырмалуу Чүй облусунда абанын булганышы жогору экенин адистер айтып, жазып келишет. Себеби, аймакта өлкө борбору Бишкек, көп окуу жайлар, ишканалар, маданий мекемелер, ооруканалар, министрликтер, андан сырткары шаарды айланта 56 жаңы конуш жайгашкан.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдирүүсү боюнча Чүйдөгү смогдун 40 пайызы көмүр жагуудан, 30 пайызы эски унаалардын түтүнүнөн, 15 пайызы Бишкек ЖЭБинен, 13 пайызы чаңдан пайда болот. Ошол себептен Кыргызстанда көп жылдардан бери көмүр жагууну азайтуу, сырттан эски унааларды киргизүүгө тыюу салуу аракеттери көрүлүп келе жатат. Статистикалык маалыматтар боюнча, Кыргызстанда азыр  1 млн. 674 унаа болсо алардын 1 млн. 392 миңи 15 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланылып келе жаткан унаалар. Мамлекет ар кандай мыйзамдар менен эски унааларды пайдаланууга чек койгону менен азырынча алар Кыргызстанда азая элек. Ал эми жеке турак үйлөрдү толук газдаштырууга мамлекеттин чамасы чак болгондуктан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жакында эле көмүр байытуучу фабрикаларды курууну сунуштады.

Өлкөбүздөгү дагы бир экологиялык маселе – жайыттарды туура эмес пайдалануу (Бул боюнча да гезитибиздин кийинки сандарында кеңири кеп кылабыз). Өлкөдө жалпы 9 млн. гектар жайыт жер бар. Акыркы жылдардагы кой, уй, жылкы, эчкинин көбөйүшү менен жайыттар деградацияланып, эрозияга учурап жатканын адистер тынымсыз эскертип келишет. Мал чарбачылыгы жана жайыттар кыргыз илимий изилдөө институтунун жайыт жана тоюттар бөлүмүнүн башчысы Наталья Килязованын айтымында, айрым жайыттар 70-80 пайыз деградацияга учураган. Асыл тукум мал чарбачылыгы, жайыт жана тоюттар департаментинин директору Мыктыбек Каландаровдун маалыматы боюнча Кыргызстанда 137 миң гектар жайыт деградацияланса, айылдарга жакын 614 миң гектар жайыт тоюттуулугу төмөн жайыттар катарына кирет. Эксперттердин билдиришинче, жайыттарды эс алдырбай, үзгүлтүксүз колдонуу токтотулбаса биотүрдүүлүк төмөндөп, жайыттардын кунары качат. Себеби, Кыргызстан жайыттарында 3,5 миңден ашык жайыттык, дарылыгы бар, кызыл китепке кирген өсүмдүктөр өсөт. Мындай жерлерге эрте жазда мал жайылса жаш өсүмдүктөр туякка эзилип чыкпай калат. Ошондой эле жайыттар таптакыр пайдаланылбай калса дагы алардын түшүмдүүлүгү жоголуп, пайдасыз отоо өсүмдүктөр басып кетет. Ошондуктан жайыттар системалуу пайдаланылышы керек.

Биртүрдүүлүк демекчи, кыргызстандыктардын түздөн-түз кийлигишүүсү менен айрым өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жок кылынышы менен жапайы жаныбар, канаттуулардын 11 түрү  жок болуп кеткен.  Акыркы жылдарда фаунадан ири жана орто сүт эмүүчүлөрдүн 3 түрү жок болуп кетсе, 15 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Канаттуулар фаунасынан 4 түр жок болуп кеткен, 26 түрү жоголуу алдында турат. Дары-дармек өсүмдүктөрүнүн, ошондой эле декоративдүү-техникалык маанидеги өсүмдүктөрдүн 3 түрү дээрлик жок болуп кетсе, 54 түрү жок болуп кетүү коркунучунда.

Алтынга тете байлыгыбыз азаюуда

Мындан сырткары Кыргызстанда мөңгүлөрдүн жылдан жылга азаюсу экологдордун өзгөчө тынчсыздануусун жарата баштады. Себеби мөңгү Кыргызстандын суу ресурстарынын потенциалдуу кору (запасы) болуу менен бирге Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия регионунун туруктуу өнүгүшү үчүн да маанилүү. Республиканын климаттык шартында жайында аябай эриген мөңгүлөр тоо этегиндеги сугатка муктаж болгон айыл-чарба талааларын суу менен жетишээрлик камсыз кылат. Жалпысынан Кыргызстандын аймагында аянты 0,1 чарчы километрден жогору болгон 6516 мөңгү катталган. Алардын ээлеп турган аянты 8047,8 чарчы километр, башкача айтканда, республиканын жалпы аянтынын 4 пайызын ээлейт. Эгерде бардык мөңгүлөрдү эсептесек, алардын саны 7638ге жетет жана аянты 8107,7 чарчы километрге барат. Булардын арасында ар биринин аянттары 25 миң чарчы километрден чоң 20 ири мөңгү бар. Соңку 20-30 жыл аралыгында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 25-30% кыскарганы жана азайып жатканы боюнча тынчсыздануулар болуп жатат. Эксперттер мөңгүлөрдүн эриши бул аймактарга суу таңсыктыгы менен бирге эпидемиялык да коркунучтарды алып келерин эскертишүүдө.

Дүйнөдө акыркы 10 жыл ичинде 1163 мөңгү эрип кетсе, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн 25-30 пайызы жоголгон. 1965-1974-жылдары Кыргызстанда катталган 7638 мөңгүнүн азыр болгону 5237си калган. Бул мөңгүлөр залкар жазуучу, ойчул, даанышман атабыз Чыңгыз Айтматов айткандай алтынга тете байлык десек болот. Себеби, Борбор Азияда 55-60 млн. киши так ушул Кыргызстандын мөңгүлөрүнөн түшкөн мөлтүр кашка сууну ичип жашап жатышат.

Мелис СОВЕТ уулу,
«Кыргыз Туусу»

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар