Башкы беткеМаанилүүШанхай кызматташтык уюму: чоң жыйын алдындагы сыноолор

Шанхай кызматташтык уюму: чоң жыйын алдындагы сыноолор

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-июлда Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Жыйында ШКУнун 31-август – 1-сентябрда Тяньцзинь шаарында өтүүчү саммитине даярдыктар, уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары карай турган маселелердин тизмеги талкууланды. Министрлердин кеңешмеси ШКУнун саммитине саясий даярдык экени түшүнүктүү.

Көз жаздымда калбай турган сейрек көрүнүш – бул Бээжиндин алдыдагы саммитке өзгөчө мамилеси. Кытай тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын Тяньцзиндеги боло турган саммитти ийгиликтүү өткөрүүгө арналганын Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Линь Цзянь билдирген эле. Бул жагдайды кытайлык расмий медиа ресурстар, маселен, өкмөттүк “Жэньминь гезити, Жибао” Синьхуа агенттиги байма-бай маалымдашты (https://russian.people.com.cn/n3/2025/0715/c31521-20340181.html). Кытай министри Ван И алдыдагы саммитке 20 мамлекеттин башчысы, 10 эл аралык уюмдун жетекчиси катыша турганын маалымдады.

Эң кызыгы, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин коллегиялык жыйынына өзү катышты. Адатта мындай учурларда министрлерди конок ээси болгон мамлекет башчылары бир-бирден же чогуу кабыл алып кое турган эле. Министрлердин жыйынында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун алкагында өз ара ишенимди жана тилектештикти чыңдоонун, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактагы тынчтык жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында Кытайдын биргелешкен демилгелерди илгерилетүү ниети бар экенин билдирди. Ал заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө координацияны тереңдетүү маселесине басым жасады.

Өз сөзүндө Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Уюмдун алкагында экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун, анын ичинде ШКУнун Өнүктүрүү банкын тез арада түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр Ж.Кулубаев ошондой эле Тышкы иштер министрлер жыйынынын катышуучуларына Уюмдун 25 жылдыгына туш келген 2025-2026-жылдары ШКУга төртүнчү төрагалык кылууга кыргыз тараптын даярдыктары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Чолпон-Ата шаары 2025-2026-жылдары ШКУнун маданий жана туристтик борбору деп жарыяланды. Сөзүнүн аягында КР Тышкы иштер ведомствосунун башчысы ШКУнун кезектеги төрагасы катары Кыргызстан бардык мүчө-мамлекеттердин катышуусу менен Уюмдагы ишмердүүлүктүн динамикасын колдоону жана жогорулатууну пландап жатканын белгиледи.

ШКУнун сырт иштери министрлеринин Бээжиндеги жолугушуусунда Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда Шанхай кызматташтык уюмунун жаңы борборлорун ачуу тууралуу чечим кабыл алынды. Россиянын министри Лавровго таянган маалыматка ылайык, Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы иш алып барган ШКУнун борборун, Ташкентте (аймактагы террорчулукка каршы борбордун негизинде) көйгөйлөргө жана кооптуулуктарга каршы күрөшүү борборун  түзүү боюнча документтердин долбоору дээрлик даяр экен. Андан сырткары, Дүйшөмбү шаарында ШКУнун баңгизаттарга каршы иштеген борбору түптөлө турган болуптур.

Албетте, бул үч структура уюшкан, трансулуттук кылмыштуулукка, аймактагы коопсуздукка жана баңгизаттарга байланышкан көйгөйлөргө каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

ШКУнун уюшкан кылмыштуулукка каршы борборунун Бишкекте түзүлүшү бир эсе өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уюшкан кылмышка жана коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүн баалагандык болсо, экинчиден, улам жаңы ыкмаларды ийгиликтүү колдонуп, эл аралык интеграциясы мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктан кем калбаган трансулуттук кылмыштуулук менен кармашта пайдасы арбын структура биздин өлкөдө түзүлгөнү турат. Бул жагдай маалымат жана тажрыйба алмашууга шарт түзүп, биргелешип аракеттенүүнү күчөтүп, ШКУга мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын потенциалын чыңдоого изги өбөлгө болмогу талашсыз. Бирок алдыда ШКУнун жаңы түзүмдөрүн, аларды каржылоо, иштөө механизмдерин макулдашуу маселелери турат.

Бээжин бул саммитке өзгөчө көңүл бөлүп жатканы тегин жерден эмес. Кеп Кытайдын 2024-2025-жылдары Уюмга ротациялык тартипте төрагалык кылгандыгында гана эмес, геосаясий факторлордо жана уюмдун алдында турган сыноолордо.

Уюм катары ШКУга, алардын ич ара мамилесине, мүчө мамлекеттердин ар бирине таасир эткен геосаясий факторлор өзүнчө кеп кылууга тийиш чоң маселелер. Уюмдун ичинде өз ара талаш проблемалар да аз эмес. Албетте, бул проблемалар айрым орус басылмалары аша чаап аныктагандай Уюмдун кыйрашынан кабар бербейт (мисалы орустардын “Независимая газета” басылмасы ШКУнун Кытайдагы болочок саммити тууралуу макаласын “Кытай ШКУну кыйроодон сактай алабы” деп пессимисттик маанайда, Уюмдун келечегинен күмөн санагансып атады (https://www.ng.ru/world/2025-07-14/6_9293_china.html).

Глобалдык сыноолор го түшүнүктүү. Ал эми уюмдун мүчөлөрүнүн ички мамилелерине келсек, чындыгында бир топ көйгөйлөр бар. ШКУга мүчө эки мамлекет – Индия менен Пакистан кечээ жакында бири бирине кылыч кезеп, ок атылып, чатакташа кетти. Кудай жалгап, өзөктүк куралга ээ эки өлкө ортосундагы жаңжал көп узабай басылды. Американын президенти Трамп Индия менен Пакситандын жаңжалын мен бастым деп жар салды. Вашингтондун дүйнөлүк процесстерге таасири зор, бирок бул ирет Индия-Пакистан конфликттин эскалацияга жол бербей тез басылышына ролун Индия да, Пакистан да бышыктаган жок. Тескерисинче, Дели жаңжалды эки тарап эч кимдин кийлигишүүсүз эле өздөрү басты деп билдирди. ШКУ Индия менен Пакистан жаңжалына ачык кийлигише албайт эле, бирок тынчтыкка чакырып, эки тарапты сабырдуулукка чакырды. Иранга болушпады, Индия-Пакистан жаңжалын басууга жигердүү киришпеди, бул ШКУнун ичиндеги ажырымды пайда кылат деген сымал пикирлер орус басылмаларында да кездеше калып жатты. (https://www.ng.ru/world/2025-07-14/6_9293_china.html). Албетте, бул натуура аныктама экенин адистер жакшы билет, антсе да коомдук пикир деген кыйын нерсе. Уюмдун да бир мүчөсү Иран Израилдин абадан урган катуу соккуларынан соң оор абалда турат. Чет өлкөлүк медиа агенттиктер маалымдагандай, Тегеранда жаштар социалдык тармактар аркылуу Москва менен Бээжинге стратегиялык өнөктөш болуп туруп, Иранды Израил бомбалап жатканда кол сунганга жарабады деп сындаган имиш. Иран ШКУ саясий, моралдык колдоо көрсөтпөдү, болушпай койду деп ичинен санаага батса баткандыр, асты таарынычын ачык билдиргени жок. Кытай менен Индиянын ортосунда маселелер (чек ара талашы ж.б.) бар. Ошентсе да эки өлкө сабырдуу мамиле кылып, конструктивдүү маанайда проблеманы талкуулап келишет. Прогресс да байкалууда. Мисалы, БРИКСтин 2024-жылы октябрда Казан шаарында өткөн саммитинде Индиянын премьер-министри менен Нарендра Моди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кеңири пикир алышып, бир топ нерсени макулдашып алышты. Жогорку деңгээлдеги контакттар регулярдуу мүнөзгө ээ болуп баратышы эки мамлекеттин лидерлеринин маселени биротоло чечпесе да, куралдуу жаңжалга жол бербөөгө ниеттери бекем экенин кабарлап турат. Айтмакчы, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешине бир күн эрте келип, Кытай министри Ван И менен кенен-кесири сүйлөштү. Анын үстүнө, быйыл Индия менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 75 жыл толот. Дал ушул тарыхый датаны да мамилелерди жакшыртууга карата жагымдуу фон катары колдонууга аракет кылышмагы турулуу иш.

ШКУ бардык маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө ынтызар уюм. Эл аралык мыйзамдар сакталбай, дүйнөлүк тартипке доо кетип турган кезде, геосаясий кырдаал чыңалып турган шартта ШКУ чакырыктарга шайкеш кадамдарды жасоого тийиш. Муну баары эле билип турат, бирок кызыкчылыктардын дал келмеги татаал иш, сырткы кубаттуу күчтөрдүн таасири андан бетер татаал проблема. ШКУнун буга чейинки тарыхы, тажрыйбасы жана уюмга мүчө мамлекеттердин  өз ара интеграцияга муктаждыгы алдыдагы тоскоолдуктарды жеңүүгө изги шарт түзө тургандыгы анык.

Алмаз ОКИН

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар