whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.12.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан АӨБ менен экономикалык жана климаттык багыттарда жаңы келишимдерге кол койду

Кыргызстан АӨБ менен экономикалык жана климаттык багыттарда жаңы келишимдерге кол койду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.

Жолугушуу учурунда өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы, 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы, энергетика, климат жана башка маанилүү багыттар боюнча пикир алмашуу болду.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү темпин көрсөтүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, акыркы үч жылда экономиканын орточо өсүшү 9%ды түзсө, 2025-жылдын 10 айында ИДП 10%га өскөн. Өкмөт 2030-жылга чейин ИДПны жана жан башына кирешени 80%дан кем эмес көбөйтүүнү максат кылууда.

Улуттук өнүктүрүү программасында индустриялаштыруу, региондук хабды өнүктүрүү, айыл чарба жана туризмди күчөтүү, жашыл энергетика сыяктуу төрт приоритеттүү вектор аныкталган. Ушул тармактар боюнча АӨБ менен кызматташууну кеңейтүү жолдору талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан жана АӨБ бир катар маанилүү келишимдерге кол коюшту. Алар коомдук имараттарды жашыл форматка өткөрүү, энергияны үнөмдөөчү турак жайга жетүүнү кеңейтүү, суу ресурстарын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу кылуу сыяктуу багыттарды камтыйт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар