Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТрамп менен Нетаньяху Газа боюнча макулдашты

Трамп менен Нетаньяху Газа боюнча макулдашты

Вашингтон президент Трамптын Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуунун 20 пункттан турган жаңы планын жарыялады. Ага удаа Ак үй Дональд Трамп менен Биньямин Нетаньяху ушул планды талкуулап, негизинен макулдашканын маалымдады. АКШ лидери Израилдин жетекчиси менен сүйлөшкөн соң пресс-конференцияда өз планы реалдуу экендигин, Газа жаңжалын токтотууга абдан аз калды деп баалады.. Израил премьери менен макулдашкан планда келишимген кол койгондон кийин ХАМАС 72 саат ичинде барымтадагыларды толук бошотууга; курман болгондордун сөөктөрүн кайтарууга тийиш. ХАМАС сөзүнө турса, анда “согуш токтоду дегенди билдирет” деди Трамп.

Израилдин аскер операцияларын токтотуп, анын аскерлерин Газадан чыгаруу; Израил келишимге даярдыгын билдирген убактан кийин өмүр бою абакка кесилген жана колго түшкөн палестиналыктарды бошотуу; Газадан чыгып кетүүнү каалаган ХАМАСтын мүчөлөрүнө шарттуу ырайым берүү; ХАМАСтын биротоло куралсыздандыруу жана анын аймакты башкаруусун токтотуу, аймактагы мамлекеттер тарабынан коопсуздук кепилдигин бериши, Палестин мамлекетин түзүүгө даярдык көрүү ж.б. түйүндүү, татаал пункттар тууралуу пресс-конференцияда кеп кылынган жок.
Ошол эле учурда Трамп кокус ХАМАС планга макул болбосо же макулдашууну аткарбаса, анда АКШ Израилден согушкерлерди жок кылууга жардамын аябайт деп баса белгиледи. ХАМАС баш тарткан шартта “Израил ишти аягына өзү чыгарат” деди Трамп. Бул көп мааниге ээ билдирүү. “Ишти аягына чыгаруу” эмнени түшүндүрө турганын болжоого гана болот.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар