whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары“Биз эч кимге баш ийбейбиз”. Али Хаменеи АКШга жооп берди

“Биз эч кимге баш ийбейбиз”. Али Хаменеи АКШга жооп берди

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи АКШ жетекчилигине кайрылып, Иран эли эч качан сырттан таңууланган шарттарга моюн сунбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 18-июнда мамлекеттик телеканал аркылуу жасаган кайрылуусунда айтты.

“Иран элине мажбурланган согуш да, мажбурланган тынчтык да кабыл алынбайт. Биздин эл эч кимге баш ийбейт”, — деди Хаменеи.

Анын айтымында, Израилдин акыркы аба соккуларына иран эли акылмандык менен, кайраттуулук жана өз убагында жооп кайтарды.

Хаменеи ошондой эле АКШ президентинин акыркы билдирүүлөрүнө да жооп кайтарды:

“Ирандын тарыхын жана мүнөзүн билген ар кандай акыл-эстүү адам аны коркутууга барбайт. Эгер АКШ Иранга аскердик кийлигишүүнү ойлосо, анын кесепеттери орду толгус зыян алып келет. Америкалыктар муну так билиши керек”.

Бир күн мурун Трамп Truth Social платформасында бир катар билдирүүлөрдү жарыялап, Хаменеини “жеңил бута” катары сыпаттап, Иранды “толугу менен багынууга” чакырган.

“Мен Иран менен сүйлөшүү жүргүзүүгө кызыкдар эмесмин. Мен алардын өзөктүк программадан толук баш тартуусун күтөм”, — деп жазды Трамп. Ал бул билдирүүнү «Чоң жетинин» Канададагы саммитине катышкандан кийин жасаган. Анын айтымында, Тегеран өзөктүк келишим боюнча мунасага келиши керек болчу.

13-июнда Израил Ирандагы өзөктүк объектилерге аба аркылуу сокку урган. Бул чабуулдан кийин Иран тарап Израилдин аймагына ракета жана дрондор менен жооп кайтарып, абал кескин курчуду.

Расмий маалыматтарга ылайык, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери жана өзөктүк программада иштеген окумуштуулар каза болгон. Ал эми Ирандын жооп соккуларынан Израил тарап 20дан ашуун адамдын өлгөнүн билдирген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар