Башкы беткеСаясат жана коомКоомСот адилеттиги иштери боюнча кеңештин жаңы курамы бекитилди

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин жаңы курамы бекитилди

18-июндагы Жогорку Кеңешинин жыйынында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамы каралып, бекитилди. Бул тууралуу парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Кеңештин курамына төмөнкү талапкерлер кирди:

  • Балбак Түлөбаев — «Ынтымак» фракциясынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты;

  • Бакыт Кыдыралиева — Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан көрсөтүлгөн талапкер;

  • Судьялар — Мукамбет Касымалиев, Нүргүл Асанова, Дилара Арстанбаева, Айбек Молдакунов, Эльмира Барыктабасова, Санжар Чотонов, Айжан Рыскулова жана Гүлназ Кадырова — булар Судьялар кеңеши тарабынан шайланган;

  • Акыйкат Каримов — юридикалык коомчулук тарабынан көрсөтүлгөн.

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш сот системасындагы кадрдык маселелерди чечүүчү, судьяларды тандоо жана баалоо иштери менен алектенген маанилүү орган болуп саналат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар