Израиль армиясы Тегеран жана Бейрутка бир убакта сокку урду

0
1583

Израиль армиясы Тегеран менен Бейрутка бир убакта масштабдуу аба соккуларын баштаганын Telegram-каналы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, аскердик-аба күчтөрү «Ирандын террордук режими» жана Хезболла уюмуна каршы ири чабуулдардын толкунун баштаган.

3-мартка караган түнү Израиль армиясы Бейруттагы соккулар тууралуу кабарлаган. Чабуулдардын бутасы катары «Хезболланын» команда борборлору жана курал-жарак кампалары көрсөтүлгөн. Өз кезегинде аталган топ «Ливанга каршы уланып жаткан агрессияны» кабыл алгыс деп атап, жоопсуз калтырбай турганын билдирген.

«Аль-Маядин» басылмасы Израилдин соккуларынын буталарынын арасында «Аль-Манар» телеканалы менен «Аль-Нур» радиостанциясынын кеңселери болгонун жазды. Ошол эле учурда «Аль-Манар» берүүсүн уланткан.

Кийинчерээк Израиль армиясы (ЦАХАЛ) Ливандан Израил тарапка беш ракета атылганын билдирди. Анын айтымында, ракеталардын бир бөлүгү абадан коргонуу системалары тарабынан тосулуп, калгандары ачык аймактарга түшкөн.

Бир күн мурда Израилдин Башкы штабынын жетекчиси, генерал-лейтенант Эяль Замир «Хезболлага» каршы операция башталганын билдирип, «көп күндүк салгылашууларга даяр болуу керектигин» айткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз