Иран Ормуз кысыгын жаап, кемелерди аткылай турганын эскертти

0
1539

Жакынкы Чыгыштагы соңку окуялардан кийин Иран Ормуз кысыгын жаап, аймакка кирген бардык кемелерге каршы күч колдонорун билдирди.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысынын кеңешчиси, генерал Эбрагим Жаббари чечим бардык суу транспортуна тиешелүү экенин айткан. Анын билдирүүсү ISNA агенттиги аркылуу жарыяланган.

«Ормуз аркылуу өткөнгө аракет кылгандарды өрттөйбүз. Бул аймактан бир тамчы мунай алып чыгып кеткенге жол бербейбиз», — деген Жаббари.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетикалык рынок үчүн стратегиялык мааниге ээ. Былтыр күн сайын дүйнөлүк мунай жеткирүүлөрүнүн 18 пайызы ушул кысык аркылуу өткөн. Жалпысынан дүйнөдө мунай жана суюлтулган газ транзитинин болжол менен 20 пайызы дал ушул аймакка туура келет. Кыймылдын чектелиши мунай менен катар газ жана кайра иштетилген продукциялардын, анын ичинде авиаотундун баасынын кескин өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку урган. Маалыматтарга ылайык, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи баш болгон бир нече аскер башчылары жана жай жарандар каза тапкан. Ирандын Кызыл Жарым Ай коому 131 шаардык округ чабуулга кабылып, кеминде 555 адам көз жумганын билдирген.

Иран буга жооп катары Израилдин аймагына жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине сокку урууда.

Ошондой эле АКШ менен Израилдин чабуулдарынан кийин Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелердин саны кескин кыскарганы кабарланууда. Maritime News порталы камсыздандыруу компаниялары коопсуздук коркунучунун өсүшүнө байланыштуу аскердик кошумча төлөмдөрдү жогорулата баштаганын жазды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз