Жакынкы Чыгыш өрткө чулганды. Кесепети арбын

0
1794

         Ошентип, ишембиде АКШ менен Израиль Иран Ислам Республикасына абадан кол салды, масштабдуу жана капысынан жасалган жана уланып жаткан бул чабуул «Эпикалык каардануу» операциясы деп аталды. Ондогон аскерий объектилер, Ирандын куралдуу күчтөрүнүн айрым жетекчилери, Ирандын лидери Аятолла Али Хаменеи ушул чабуулда жок кылынды. Трамп менен Нетаньяху Хаменеинин курман болгонун дароо билдирген, бир күндөн кийин гана Тегеран бул маалыматты расмий ырастады. Иранда 40 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Али Хаменеинин курман болушу Иранда да, дүйнөдө да ар түрдүү реакция жаратты. Иран мамлекеттик маалымат каналдары Хаменеинин өлүмүнө кейип, аза күтүп жатканын баяндаса, айрым медиа булактары эл кубанып, майрамдап жатат деп маалымдады. Дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү аза күтүштү. Ирандын башкы өнөктөшү Россиянын лидери Владимир Путин Хаменеинин каза табышын “адамгерчиликке дегеле жатпаган жана эл аралык укукту одоно бузган киши өлтүрүү” деп баалады. Орус лидери атайын көңүл айтып, телеграмма жибергени маалымдалат Кремлдин расмий маалыматында.

Иран мындай чабуулга даяр окшобойбу, Тегеран жооп катары дароо АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерий базаларына, аймактагы авиакемелерине жана Израилге чабуул койду. Андан тышкары Иран Вашингтондун аймактагы союздаштары болуп эсептелген Бахрейн, Иордания, Ирак, Катар, Кувейт, Оманга жана Сауд Аравиясына сокку урду. Албетте, Иран бул соккуларды ушул өлкөлөргө каршы согуштук аракеттер деп эсептебейт, болгону АКШнын аскерий базаларына чабуул деп атады. Бирок ракеталар жана дрондор бир гана аскерий объектилерди кыйратканы жок. Соккуга Иранда да, Тегеран чабуул койгон өлкөлөрдө да жарандык объектилер кабылып, жай тургундар курман болду.

Дүйнөнүн реакциясы

Адатта, мындай учурда реакциянын түрдүү формасы болот. Биринчиси саясий реакция, экинчиси экономикалык кыймыл-аракеттер. Саясий реакция дароо билинет, экономикалык реакция дароо көзгө көрүнбөйт, баалардын, соода-экономикалык алакалардын өзгөрүшү аркылуу кыйыр жана бара-бара билинет.

Бирикккен Улуттар Уюму Иранга чабуул-ду айыптаган билдирүү таратып, тараптарды сөзгө келүүгө чакырды.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон менен Тел-Авивдин Ирандагы аскерий операциясын кескин айыптап, “эл аралык укуктун негизги принциптерин одоно бузуу менен суверендүү жана БУУнун мүчөсү болгон көз карандысыз өлкөгө каршы алдын ала пландаштырылган агрессия” деп баалады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да Иранга каршы чабуулду жана өлкөнүн лидеринин өлтүрүлүшүн айыптап, Ирандын суверенитетине жана коопсуздугуна каршы жасалган, БУУнун Уставын жана эл аралык укуктуктун принциптерин бузуу менен жасалган аракет деп баалады.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери атайы жыйын куруп, Ирандын эли менен биримдигин, абалга тынчсыздануусун билдирип, БУУнун Уставын сактоого жана сабырдуулукка чакырышты. Бирок Евробиримдик АКШ менен Израилдин соккусуна карата так жана бирдиктүү мамилесин ачык билдире элек. Француз президенти Эммануэл Макрон БУУнун Коопсуздук Кеңешин токтоосуз чакырып, конфликтти жөнгө салуу боюнча шашылыш чараларды көрүүгө чакырды. Персия булуңундагы өлкөлөр да катуу кабатыр экенин билдирди. Рим папасы Лев XIV Ыйык Петр аянтында өткөн мессияда сүйлөп, Иранда жана Жакынкы Чыгыштагы согушка кабатырланганын билдирип, тынчтыкка чакырды.

Айтор дүйнө кооптонууда. Чоң жаңжал башталды, басылышы кыйын. Куралдуу жаңжал эч кимди кайдыгер калтырбайт, ар кандай куралдуу кармаштын кесепети эч кимди кыйгап өтпөйт.

Кыргызстан албетте, кырдаалга тынчсызданат, тынчтыкка умтулган, бардык талашты сүйлөшүү жолу менен чечүүнү жактаган, эл аралык укуктун эрежелери сакталышын каалаган мамлекет. Кыргыз тышкы иштер министрлиги биздин Жакынкы Чыгыштагы жарандарыбызга тиешелүү эскертүүлөрүн берди, Ирандагы жана башка кооптуу өлкөлөрдөгү жарандарыбызды эвакуациялоо боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Эскалация уланууда

Согуштук аракеттер токтой элек. Кантип, качан аяктай турганы белгисиз. Негизги суроолордун чечилиши кыйын. Албетте, Ирандын өзөктүк программасына, куралдуу күчтөрүнө эбегейсиз сокку урулду. Иран да кубаттуу мамлекет катары жөн калбасын, далайга чейин кармашууга жарактуу экенин тастыктай алды. Ирандын сырт иштер министри  Аббас Аракчи өлкө аскерий күч-кубатынан ажыраганы жок, адекваттуу жооп кайтарууга жөндөмдүү деп билдирди. Мунусу чын окшойт, Тегеран туш-тушка жамгырдай кылып жаа атып, Америка менен Израиль тургай, алардын союздаштарын жүдөтүп туру.

Учурда жүздөгөн авиарейстер токтоп, ондогон өлкөлөрдүн аэропорттору жабылып, кемелер токтоп турат.

Мамлекеттер талаштуу маселелерди чечүүдө дипломатия эмес, куралдуу жолду тандап алганы улам барган сайын даана көрүнө баштады. Ушул жолду эми калган кубаттуу мамлекеттер биротоло тандап алса, анда чакан өлкөлөрдүн суверенитети, көз карандысыздыгы жана коопсуздугу улам барган сайын күмөндүү боло баштайт. Дүйнөлүк тартип биротоло кыйрап, эл аралык мыйзамдар жана принциптер тарых катары гана кагазда калып, анархия башталат деп чочулайт акылмандар. Бирок саясатчылар менен бизнесмендер акылга кулак төшөбөй калганына бир топ болду.

Президент Трамп менен Израилдин премьер-министри Нетаньяху Ирандын калкына кайрылып, “мындай шанс эми кайра келбейт, элди эзген диктатордук режимден кутулгула деген чакырык таштады”. Бирок Иран режими алмашабы же мурдагыдай кала береби деген маселе туру. Ушул тапта Иранда жаңы лидер шайланганча өлкөнү атайы кеңеш башкарып турмакчы. Андай кеңешке ыраматылык Хаменеинин жакын адамы убактылуу аятолла Алиреза Арафи, президент Масуд Пезешкиан кирди.

Пезешкиан убактылуу жогорку кеңеш иштеп, өлкөнү башкарып жатканын, Иранга кол салгандарга татыктуу жооп кайтарылаарын, шииттердин лидеринин өлүмү үчүн өч алууга ниети бекем экендигин билдирди.

Сүйлөшүүгө тараптар даяр эмес. Трамп Иран тарап сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирди. Иран тарап андан мурда согуштук аракеттер токтогон соң сүйлөшөбүз деген. А согушу токтой элек. Израиль резервчилерди топтоп жатат, АКШнын учкуч ташуучу кемелери Иранга жакын жерде айланчыктап турат, Тегеран кан жутуп, баарына даяр, эч нерседен кайра тартпагыдай түрү бар.

Согуш жана террор эң негизги бизнеси болгон “Хезболла” жана Йемендик хуситтер да далай түйшүккө салат. Бир гана АКШ же Израиль менен чектелбейт. Тажрыйба көрсөткөндөй, эч тиешеси жок өлкөлөр менен жарандар согушкерлердин, дегеле кармашкан тараптардын бутасына кабылып келген.

Жаңжалдын кесепети оор

Ал ортодо Иран Ормуз кысыгын жабам деп опурулду. Тегеран АКШнын
жана Израилдин кемелери үчүн Перс булуңундагы Ормуз кысыгын жапты. Тар кысыкты жабууга анча деле көп күч талап кылынбайт. Кысыктын узундугу 195 км, туу-расы кууш жеринде 33 км, жайык жеринде 95 км. Кысыкты жабыш үчүн Иранга авиациянын же артиллериянын деле анча кажети жок, тосмо миналар же деңиз астындагы кайыктар менен оңой эле тосулат.

1974-жылдагы келишимге ылайык, Иран менен Оман Ормуз кысыгынын так ортосунан бөлүнгөн сызыктын эки жагына ээлик кылат. Кысыктын эл аралык деген статусу бар. БУУнун 1982-жылдагы Конвенциясына ылайык, транзиттик деңиз жолу катары эч ким жабууга болбойт. Иран бул Конфенцияга кол койгон, бирок ратификациялабай койгон. Ушуга таянып, Иран бир нече ирет, 2011 жана 2018-жылдары кысыкты жаап, соңку жолкусунда 2025-жылы “12 күндүк согушта” жаап, бир нече күн бою эч кимди өткөрбөй койгон.

Перс булуңундагы согуштун дүйнөлүк экономикага таасири зор. Албетте, бирөөлөр пайда табат, башкалары зыянга учурайт. Адистердин айтымында, дүйнөдөгү нефть азыктарынын үчтөн экиси (35%), суюлтулган газдын бештен бири (20%), дүйнөлүк соодада айланган товарлардын 15%ы дал ушул Ормуз кысыгы аркылуу ары-бери ташылат. Демек, мынча көлөмдөгү нефть жана газ, башка товарлар башка жол менен айланып өтсө, нефть менен газга, башка оокаттарга болгон баанын өсүшүнө алып келет. Дүйнөлүк ири биржалар сезимтал келет, алардагы баалар өйдө-төмөн секире баштады. Бул финансылык туруксуздукка өбөлгө түзөт. ОПЕКке мүчө сегиз мамлекет нефть өндүрүүнүн квотасын көбөйттү. Brent маркасындагы нефтиге баа дароо эле 10% жогорулады, бир баррель нефтинин баасы 80 долларга чыкты. Финансылык аналитиктер баасы 100 долларга, айрымдар 200 долларды чапчыйт деп болжошот. Спекулятивдик жогорулоону кошкондо нефтиге баа керектөө рыногун кыйла жүдөтөт. Айрыкча нефтиге муктаж өлкөлөр, карапайым калк катуу кыйналат.

Ал ортодо Ооганстан менен Пакистан бири-бирине ок атып, согушуп жаткан кези. Бул конфликт да бир аптадан бери уланууда. Аймактагы коопсуздукка залакасы оор жаңжал эки мамлекеттин ортосунда соңку жылдардагы улам кайталанып келген куралдуу конфликттердин эң масштабдуусу. Эки тарап сүйлөшүү жолу менен мунасага келбесе, аймактын тынчтыгын буза турган күчкө ээ конфликт.

Ар кандай жаңжалдын оор зыяны элге тиет. Согуш – бул оор, айтып бүткүс трагедия, төгүлгөн кан, чачылган эл, бүлүнгөн журт,  туш-тушка качкан качкындар, кордолгон жетим-жесирлер, ачарчылык, жокчулук, айтор, шору каткан кайран эл. Мынакей, Евроньюс маалымдагандай, Азербайжанга алгачкы качкындардын агымы келе баштады. АКШ жана Израилдин Иран менен кандуу кармашын, Афган-Пакистан конфликттин токтотуу дүйнө үчүн азыркы учурдун башкы маселеси.

Сыргак ЭСЕНБЕК

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз