Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик туусунун бекитилгенине 34 жыл болду. Мамлекеттик туу — өлкөнүн көз карандысыздыгынын, эгемендигинин, элдин биримдигинин жана бейпилдигинин ыйык белгиси. Ал Кыргызстандын дүйнөдө өз алдынча мамлекет катары татыктуу орду бар экенин айгинелеп турат.
Эзелтен кыргыз эли тууну ыйык тутуп, аны жоого чыкканда бийик көтөрүп, жоокерлерге дем-күч берген. Эл-жеринин эркиндиги үчүн күрөшкөн баатырлар кызыл туунун алдында ант беришкен. Бүгүн да мамлекеттик туубуз бийик көтөрүлүп, кыргызстандыктар тарабынан өзгөчө урмат-сый менен аздектелип келет.
Тарыхка кайрылсак, мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. 2023-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Ал эми 22-декабрда мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон. Өзгөртүүгө ылайык, туунун борборундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз сызык түрүндө өзгөртүлгөн.
Мамлекеттик туу мамлекеттик органдардын имараттарында, расмий жана майрамдык иш-чараларда, ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө илинет.
2024-жылы Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу жайгашкан жер реконструкциядан өткөрүлгөн. 31-августта көтөрүлгөн туунун узундугу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 метр, ал эми эни Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.


