Монако

0
6183

Дүйнөдө Ватикандан кийинки эле эң кичинекей жана көз карандысыз мамлекет бул – Монако. Монаконун жеринин аянты  2,02 км2 же болбосо 202 гектарды түзөт. Салыштырмалуу айтканда Бишкектин 12 кичи районунан саал чоңураак келип, бир четинен экинчи четине 45-60 мүнөттө жөө жетсе болот. Турган жери Франциянын Лазурдук жээгинде, Ницца шаары менен Италиянын чек арасынын орто жолунда жайгашкан. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 70 метрден ашпайт. Акыркы жылдары түздөн-түз деңиздин үстүнө жаңы райондорду куруу аркылуу Монако өз аймагын кеңейтүү аракетинде. Мисалы, деңиз үстүнө курулган Фонвьей району Княздыкты 22 гектарга кеңейтүүгө шарт түздү. Учурда аянты алты гектар болгон дагы бир жаңы райондун курулушу былтыр бүткөрүлдү.

 

Монако өзүнүн кооз пейзаждары, эң сонун жер ортолук деңиз климаты, шаан-шөкөттүү жашоосу, модасы, маданий иш-чаралары жана спорту аркылуу бүткүл дүйнөгө белгилүү, планетадагы эң таасирдүү жерлердин бири болуп саналат. Монако Княздыгында 38 миңден ашуун калк жашайт же дүйнөдөгү эл эң жыш жайгашкан мамлекет. Мында 189 өлкөнүн өкүлдөрү жашайт. Монаконун 1962-жылдагы Конституциясына ылайык, француз тили расмий тил болуп саналат. Ошол эле учурда италия жана англис тилдери абдан көп колдонулат. Монаконун өзүнүн монактык тили да бар, ал мектептерде окутулат.

Монакодогу жашоонун алгачкы издери биздин заманга чейинки болжол менен 300 000 жылга таандык. Монаконун заманбап тарыхы Княздыкты XVIII кылымдан бери башкарып келе жаткан атактуу Гримальди династиясынан башталат.

Гримальди династиясынын бийлиги Монакодо 1314-жылы биротоло орногон жана ушул күнгө чейин уланууда. Жалгыз өзгөчөлүк – 1793-жылдан 1814-жылга чейинки мезгил болгон, ал убакта Монако Франция тарабынан аннексияланып, аты «Форт-Эркюль» деп өзгөртүлгөн. 1861-жылга чейин Монако Княздыгы Рокбрюн-Кап-Мартен жана Ментона коммуналарын өзүнө камтыган, алар кийинчерээк Францияга кошулган. 1918-жылы Монако менен Франция Княздыкка француз мамлекети тарабынан чектелген коргоону камсыз кылган келишимди ратификациялашкан. Монаконун суверенитети биротоло таанылган, бирок бир шарт менен: эгерде азыркы династия жашоосун токтотсо – Княздык Францияга кошулат.

Князь Карл IIIнүн тушунда Княздык маанилүү экономикалык өсүштү баштан кечирген. Бул жээктеги француз курорттук шаарларынын популярдуулугунун өсүшүнө байланыштуу. Мындан улам Князь Монакодо да курорт, аны менен бирге казино курууну чечет. Башында натыйжалар анча ынанымдуу болгон эмес. Көбүрөөк туристтерди тартууну каалап, Карл III Бад-Хомбургдагы кумарканасынын аркасында байлык топтогон бизнесмен Франсуа Бланга кайрылууну чечет. 1863-жылы ал «Сосьете де Бен де Мер» (фр. Sociйtй des Bains de Mer же SBM) компаниясын түзөт жана айланасына бир нече кымбат баалуу мейманканалар курулган казинонун аймагын өнүктүрөт. Элүү жылга берилген кумар оюндары концессиясы менен, SBM тарабынан төлөнүүчү кирешелер узак убакыт бою Монаконун байышынын жалгыз булагы (мамлекеттик да, жеке да) болуп калат. Компания ошондой эле коомдук кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде Княздыкты Ницца жана Ментона менен байланыштырган темир жол станциясын ачууга жооптуу болот.

Бүгүнкү күндө SBMдин башкаруусунда Княздыктын эң ири мекемелери бар: Монте-Карло казиносу, «Отель де Пари», «Эрмитаж» мейманканасы жана башка көптөгөн мекемелер. Компания ошондой эле кызматкерлердин саны боюнча Княздыктын эң ири жеке иш берүүчүсү болуп саналат.

1911-жылдан бери Монако конституциялык монархия болуп саналат жана учурда Гримальди үй-бүлөсүнүн тукуму, Князь Ренье III менен Княгиня Грейстин уулу, Эгемендүү Князь Альбер II тарабынан башкарылат.

Монакодо юстиция (адилеттик) минис-три жок, анткени Монаконун соту аткаруу бийлигинен көз карандысыз. Монаконун башкы юридикалык органы болуп Сот кызматтарын башкаруу саналат, ал анын автономиясын камсыз кылуу үчүн 1918-жылы өкмөттөн бөлөк негизделген.

Мыйзам чыгаруу бийлигине келсек, ал Князь жана мыйзамдар менен бюджетти добуш берүү аркылуу кабыл алуучу Улуттук кеңеш тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Монако Княздыгы ошондой эле Франкофония өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясынын жана Эл аралык франкофония уюмунун мүчөсү болуп
саналат.

Монаконун кирешесинин чоң бөлүгү тейлөө чөйрөсүнөн, КНСтен (кошумча нарк салыгы), эл аралык соодадан, кыймылсыз мүлктөн жана туризмден түшөт. 1999-жылдын 1-январынан бери евро монактык франкты алмаштырып, Княздыктын расмий валютасы болуп саналат. Монако Евробиримдикке кирбеген, бирок еврону колдонууга уруксаты бар Европадагы беш микро-мамлекеттин бири. Ал эми ИДПсын жан башына эсептегенде  250 000 доллардан туура келип, АКШдан үч эсе жогору турат жана Люксембург, Швейцария бул өлкөнүн жанында караандабай калат. Күн сайын Монакого Франциядан жана Италиядан он миңдеген адамдар жумушка келишет. Алардын ИДПга кошкон салымы абдан чоң, бирок «жан башына» эсептегенде алар эсепке алынбайт (бөлүштүрүү 39 000 туруктуу тургунга гана жүргүзүлөт).  Ошондой эле резиденттер үчүн киреше салыгынын жоктугу дүйнөнүн эң бай адамдарын өзүнө тартат. Бул жөн гана статистика эмес, банк секторун азыктандырган капиталдын реалдуу
агымы.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
«Кыргыз Туусу»

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз