Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИран лидери курман болгондугу кабарланууда

Иран лидери курман болгондугу кабарланууда

Дүйнөдөгү эң карөзгөй адамдардын бири мерт болду. Бул Ирандын эли үчүн гана эмес, Хаменеи жана анын канкор корбашылары өлтүргөн, майып кылган мыкты америкалыктар жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн адилеттик болду. Мындай билдирүүнү АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

28-февралдын кечинде бир катар эл аралык маалымат каражаттары, анын ичинде Reuters, Израил жетекчилигиндеги булактарына таянып, Али Хаменеи ошол эле күнү жасалган аба соккуларынан улам каза болгонун кабарлашкан.

Трамп билдирүүсүндө Хаменеи АКШнын чалгын кызматтарынын жана жогорку технологиялык байкоо системаларынын көзөмөлүнөн кача албаганын белгилеп, Израил менен тыгыз кызматташуу аркылуу аны менен кошо Ирандын бир нече жогорку даражалуу өкүлдөрү да жок кылынганын кошумчалаган.

Азырынча Хаменеинин өлүмү расмий Тегеран тарабынан ырастала элек.

Буга чейин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жогорку руханий лидер чабуулдарда өлтүрүлгөн болушу мүмкүндүгүн билдирген.

«Бүгүн эртең менен биз канкор Хаменеи турган комплексти жок кылдык», — деген Нетаньяху видео кайрылуусунда.

Ал ошондой эле: «Биз режимдин жогорку даражадагы өкүлдөрүн, Революциялык гвардиянын командирлерин, өзөктүк программанын жетекчилерин жок кылдык жана бул ишти улантабыз. Алдыдагы күндөрү террордук режимдин миңдеген башка объектилерин бутага алабыз», — деп кошумчалаган.

Эске салсак, Али Хаменеи 1989-жылы Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Рухолла Хомейни каза болгондон кийин жогорку лидерликке келип, андан бери өлкөдө дээрлик чексиз бийликке ээ болуп келген.

Маалыматтарга ылайык, Израил менен АКШ 28-февралда Иранга биргелешкен аба соккуларын жасаган. Тегеран жооп чараларын көрүп, АКШнын аскердик объектилери жайгашкан бир катар өлкөлөрдү бутага алган.

Окуя боюнча расмий билдирүүлөр күтүлүүдө.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар