Эрлист Акунбеков айыл чарба өндүрүшү жигердүү өсүп жатканын маалымдады

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–март айларында айыл чарбанын дүң өндүрүмү 47 млрд 923 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,8% өсүштү камсыздады. Бул тууралуу министр Эрлист Акунбеков министрликтин жыйынында билдирди.

Жалпы өндүрүштүн негизги бөлүгүн мал чарба тармагы түзүп, анын үлүшү 98% болду. Калган бөлүгү өсүмдүк өстүрүүчүлүккө (1,5%), айыл чарба кызматтарына (0,3%) жана балык чарбасына (0,2%) туура келди.

Өткөн жылга салыштырмалуу мал чарбасы 2,8%, ал эми өсүмдүк өстүрүүчүлүк 1,2% өсүш көрсөттү. Бодо малдын саны 1,8 млнго жетип, 1,7% көбөйдү. Кой-эчки 6,3 млн болуп, 0,8% өссө, жылкынын саны 565,9 миңге жетип, 2,3% көбөйдү. Үй канаттууларынын саны 8,5 млнго жетип, 11,9% өсүш катталды.

Үч айда өндүрүлгөн негизги продукциялар:

  • эт – 100,3 миң тонна (+2,0%)
  • сүт – 298,9 миң тонна (+2,5%)
  • жумуртка – 201,9 млн даана (+24,6%)

Ошондой эле бир уйдан орточо саалган сүт 368 кг болуп, 2,5% өссө, тооктун тукумдуулугу 50 даанага жетип, өндүрүмдүүлүк 22%га жогорулады.

Жыйынтыгында, айыл чарба тармагында, айрыкча мал чарбасында туруктуу өсүү динамикасы сакталууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз