Башкы беткеМаанилүүКооопсуздук катчылары Борбордук Азиядагы чек ара жана азык-түлүк коопсуздугун талкуулашты

Кооопсуздук катчылары Борбордук Азиядагы чек ара жана азык-түлүк коопсуздугун талкуулашты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 24-апрелде, Душанбе шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Үчүнчү жолугушуусуна катышты.

Кеңешмеде аймактык жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Катчылар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбордук Азиядагы аймактык коопсуздукка тийгизген таасири тууралуу тынчсызданууларын да билдиришти.

Мындан тышкары, Борбордук Азияда транспорт жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча пикирлер алмашылды.

Жолугушууга Казахстан, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

 

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар