Камчыбек Ташиев: «Эттин баасы 700 сомдон ашса, жергиликтүү бийлик жооп берет»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эттин баасынын өсүшүн сынга алып, жергиликтүү бийлик органдары жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өз милдеттерин так аткарбай жатканын билдирди.

Анын айтымында, эт дүң баада 450–500 сомдон сатылып жаткан учурда ортомчулар бааны эки эсеге чейин көтөрүп жиберүүдө.

«Эгер эттин баасы 700 сомдон ашса, ошол аймактын акими, мэри же облус башчысы жоопко тартылат», — деди Ташиев.

Ал бааларды көзөмөлдөө боюнча министрлер кабинетинин токтому натыйжалуу иштебей жатканын белгилеп, баа саясатын тартипке келтирүүнү тапшырды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз