Улуттук банк виртуалдык активдер үчүн атайын эсептерди ачууга уруксат берди

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарга виртуалдык активдер боюнча атайын эскроу-эсептерди ачууга уруксат берди. Бул эсептер криптовалюта жана токендер менен операцияларды жүргүзүүдө колдонулат.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип, банктык эсептер боюнча инструкцияга эскроу-эсептерди кошту.

Эскроу-эсеп — бул кардардын каражаты келишимдин шарттары аткарылганга чейин банктын көзөмөлүндө сакталуучу атайын эсеп. Эми мындай эсеп криптовалюта менен бүтүмдөрдө да колдонулат.

Жаңы норма кардарлардын жана банктардын тобокелдиктерин азайтып, Кыргызстандагы санариптик активдер рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз