whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.12.2025
-1.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүРоссиядан келген жаңы окуу китептери Кыргызстандын мектептерине жеткирилет

Россиядан келген жаңы окуу китептери Кыргызстандын мектептерине жеткирилет

12-ноябрда билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, орун басары Надира Джусупбекова, Россиянын Элчилигинин биринчи катчысы Алексей Пойда жана Орус кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеев Россиядан келген жаңы окуу китептери сакталган кампада болушту.

Жалпы 651 миң даана китеп 12 жылдык билим берүүгө ылайык жаңы мамлекеттик стандарттардын негизинде даярдалган. Министр Кендирбаева бул окуу куралдары эки өлкөнүн авторлорунун биргелешкен эмгегинин натыйжасы экенин белгиледи.

Китептер 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн даярдалып, Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Россиянын «Просвещение» компаниясынын ортосундагы меморандумдун алкагында алынып келинген.

Жакынкы күндөрү окуу куралдары өлкөдөгү бардык мектептерге таратылат.

Гезит

Өнөрүң өркүндөсүн – Динислам Жайлаубай

Кыргыз-казак эзелтеден, бири-биринин өнөрүнө кумар, тарых-тамыры, салт-санаасы бир эл. Айрыкча, кыргыздын күлүгү болсун, жоргосу болсун казакка барып байге албаса, атагы артпайт. Казак тарабы деле...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар