Башкы беткеРубрикаларСаясат жана коомДиний билим берүү мекемелери текшерилди

Диний билим берүү мекемелери текшерилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында өлкө боюнча жалпысынан 19 медресе текшерилди.

Анын жыйынтыгында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок болгон үч медресе жабылып, алар боюнча ыкчам-тергөө иштери башталды. Мындан тышкары санитардык-эпидемиологиялык талаптарды одоно бузган эки мекемеге айып пул салынып, алардын иши убактылуу токтотулду. Дагы төрт медресеге майда мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүүлөр берилди.

Текшерүүлөрдүн негизги максаты салттуу эмес диний агымдардын жайылышын алдын алуу, ошондой эле диний-экстремисттик жана радикалдык уюмдардын жашы жете элек балдарга таасирин чектөө болуп саналат.

Ошондой эле айрым медреселерде колдонулган диний адабияттар талапка жооп бербегени аныкталып, алар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан кошумча кароого жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары текшерүүнүн жүрүшүндө окуучулардын арасында ата-энесиз балдар жана мигранттардын балдары бар экени аныкталып, тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берилди.

Гезит

Уңгужол жана илим

Адамзат тарыхына бир саам ой жүгүртүп, баам салсак, ар бир цивилизациянын пайда болушу, гүлдөп-өнүгүшү биринчи кезекте акылга, элдик билимге жана илимий чечимдерге байланыштуу болгон....

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар