Башкы беткеРубрикаларАймактарОш облусунда 4,5 баллдык жер титирөө катталды

Ош облусунда 4,5 баллдык жер титирөө катталды

2-апрелде таңкы саат 05:28де Ош облусу аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Адистердин айтымында, жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 3 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Ошондой эле очок Мырза-Аке айылынан 6 чакырым, Куршаб айылынан 5 чакырым аралыкта катталган.

Жер титирөө калктуу конуштарда ар кандай деңгээлде сезилди. Тактап айтканда, Өзгөн шаарында жана Мырза-Арык, Кароол айылдарында силкинүү 4,5 баллга жакын болду. Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, ал эми Кара-Суу шаарында жана айрым айылдарда 3,5 баллга чейин сезилди.

Мындан тышкары, Ош, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында жер титирөө 3 балл деңгээлинде байкалган.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат катталган жок.

Гезит

Уңгужол жана илим

Адамзат тарыхына бир саам ой жүгүртүп, баам салсак, ар бир цивилизациянын пайда болушу, гүлдөп-өнүгүшү биринчи кезекте акылга, элдик билимге жана илимий чечимдерге байланыштуу болгон....

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар