Чүй облусу аймагында экологиялык мыйзамдардын аткарылышын текшерүү максатында ыкчам рейд өткөрүлүп, анын жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, рейд Сокулук району аймагынан Кара-Балта шаарына чейин жүргүзүлүп, ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук районунда автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды уруксатсыз сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук талаптарын одоно бузган учурлар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.
Ал эми Кара-Балта шаарында жүк ташуучу унаалардын атмосферага бөлүп чыгарган зыяндуу заттары текшерилип, айрым транспорт каражаттарында түтүн деңгээли белгиленген нормадан кыйла жогору экени аныкталды. Бул боюнча протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.
Рейддин негизги максаты — объекттерди жабуу эмес, коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыз кылуу экени белгиленди. Ошондой эле талаптарды так аткарган ишкерлерге уруксат документтерин алууда көмөк көрсөтүлөрү айтылды. Мындан тышкары, жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткан мыйзам бузууларга карата катуу чаралар көрүлөрү эскертилди.


