Өкмөт Казакстандан буудай жана ун алууну турукташтырууну кароодо

0
1347

Кыргызстан Министрлер кабинети ун өндүрүш тармагын колдоо боюнча жаңы механизмдерди киргизүүнү жана Казакстан менен буудай жеткирүүнү туруктуу камсыздоо багытында сүйлөшүүлөрдү күчөтүүнү пландап жатат.

Маалыматка ылайык, бул маселелер 31-март күнү Айыл чарба министрлиги тарабынан уюштурулган жыйында талкууланды. Жыйын Эрлист Акунбеков жетекчилиги алдында өткөн.

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ун өндүрүүчү ишканалардын ассоциациясы катышып, негизги көңүл буудайды узак мөөнөттүү келишимдер аркылуу туруктуу баада жана көлөмдө камсыздоого бурулду. Катышуучулар белгилегендей, күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы жана геосаясий жагдай рынокко таасирин тийгизип жатат. Ошол эле учурда чийки заттын жетишсиздигинен жана КНС төлөнбөй мыйзамсыз ташылган ундун атаандаштыгынан улам жергиликтүү ишканалардын кубаттуулугу болжол менен 50% гана колдонулууда.

Жыйындын жыйынтыгында Министрлер кабинети тиешелүү мекемелерге дан сактоочу кампаларды куруу үчүн ислам каржылоо принциптерине ылайык пайызсыз каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу жана чек араларда көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди. Бул «көлөкө» импортту азайтууга багытталган.

Ошондой эле Айыл чарба министрлиги Казакстандын элчиси менен сүйлөшүүлөр башталганын билдирип, буудай жеткирүү жана транзит маселелери жакынкы убакта чечилет деген үмүт бар экенин белгиледи.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз