Башкы беткеЭл аралык мамилеСалтанат Аманова Самарканддагы эл аралык форумга катышууда

Салтанат Аманова Самарканддагы эл аралык форумга катышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Европа Биримдиги” парламенттер аралык кызматташтыктын биринчи форумуна катышууда.

Өз сөзүндө ал форум аймактагы парламенттер менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, тажрыйба алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Анын айтымында, учурда Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы алакалар жаңы деңгээлге чыгып, тең укуктуу өнөктөштүк негизинде өнүгүүдө.

Депутат ошондой эле аймакта чек ара маселелеринин чечилиши коңшулук байланыштарды жакшыртып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, ал парламенттердин негизги милдети инвестиция тартууга, ишкердикти колдоого жана экономикалык байланыштарды чыңдоого шарт түзгөн мыйзамдык базаны өнүктүрүү экенин айтты.

Салтанат Аманова “жашыл” экономикага да токтолуп, Кыргызстан гидро жана күн энергетикасын өнүктүрүүгө басым жасап жатканын белгиледи. Ошондой эле транспорттук инфраструктура, коопсуздук жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү багыттардын катарына кирерин айтты.

Анын белгилешинче, Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана конструктивдүү диалогго дайыма даяр.

Гезит

Уңгужол жана илим

Адамзат тарыхына бир саам ой жүгүртүп, баам салсак, ар бир цивилизациянын пайда болушу, гүлдөп-өнүгүшү биринчи кезекте акылга, элдик билимге жана илимий чечимдерге байланыштуу болгон....

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар