whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПакистанда муссон жамгырларынын кесепетинен 279 адам каза болду

Пакистанда муссон жамгырларынын кесепетинен 279 адам каза болду

Пакистанда бир айдын ичинде катуу жааган муссон жамгырларынан улам 279 адам каза болуп, 676сы жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди. 

Маалыматта белгиленгендей, нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел, жер көчкү жана башка табигый кырсыктар орун алып, эң көп жоготуулар Пенджаб провинциясында катталды. Аталган аймакта 151 адам каза болуп, 536сы жаракат алган. Хайбер-Пахтунхва, Синд, Белуджистан жана Гилгит-Балтистан аймактарында да адам өмүрлөрү кыйылган.

Жалпы 1,5 миңден ашык үй бузулуп, миңдеген адамдар эвакуацияланды. Айыл чарба жана мал чарбачылыгы да олуттуу зыянга учурады.

Муссон мезгили Пакистанда июнь айынан сентябрга чейин созулуп, дыйканчылыкка керектүү нымдуулукту бергени менен ар жылы кесепетин да тийгизип келет.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар