whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКонституция бузулбасын

Конституция бузулбасын

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 13-февралында кабыл алынган Жер кодексинин коомчулукта нааразычылык жараткан долбооруна кол койгон жок. Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис. Мамлекетке зарыл болгон учурда жеке менчиктеги жер алына турган болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керек. Бул Кыргызстандын Конституциясында каралган жобо. Жер кодексин артка кайтарууга негиз болгон укуктук жагдайлар төмөнкүлөр:

– жер пайдалануучу тарабынан республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 пайыз же болбосо эквиваленттүү акча каражаттарын берүү жөнүндө макулдашуунун милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштуу жер участогу алынып коюлганда, бул жоболор КР Конституциясынын 15-беренесине карама-каршы келет;

– жер участогунун менчик ээсинин өлчөмүнө жараша компенсация алууга укугу чектелгенде жана «калыбына келтирүү наркы» термини аныкталбаганда;

– мал жаюу менен байланышпаган мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин трансформациялоо жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү, бул жоболор КР Конституциясынын 16-беренесине жана Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет;

– мамлекеттер аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында жер участоктору тоорук өткөрбөстөн түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен чет өлкөлүк жактарга менчикке берүү, бул жоболор КР Конституция-сынын 16-беренесине карама-каршы келет;

– муниципалдык менчиктеги жер участокторун мамлекеттик пайдалануучуга мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана өткөрүп берүү тартиби боюнча, мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген бөлүгүндө (жергиликтүү кеңештин макулдугусуз ж. б.);

– темир жол жана анын инфраструктурасы курулган учурда чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берүүгө чектөөнүн болушу (“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан”);

– ижарага алынуучу жер участогунун менчик ээси же анын укук мураскери 10 жылдан ашык жок болсо, көп кабаттуу турак үй жайгашкан жер участогун турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигине акысыз өткөрүп берүү бөлүгүндө, бул жоболор Жарандык кодексинин жоболоруна каршы келет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар