АКШ Беларустун калий жер семирткичтерине карата киргизилген санкцияларды алып салды. Бул тууралуу ишемби күнү АКШ президентинин Белоруссия боюнча атайын өкүлү Жон Коул Минск шаарында Александр Лукашенко менен жолугушуудан кийин билдирди.
Анын айтымында, чечим АКШ президенти Дональд Трамптын көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынган.
«АКШ калийге салынган санкцияларды алып салууда. Бул Белоруссия үчүн абдан жакшы кадам деп ойлойм. Биз бул санкцияларды азыр алып жатабыз», — деди Коул.
Америкалык өкүл Вашингтон менен Минск ортосунда санкциялар боюнча диалог мындан ары да уланарын белгилеп, эки өлкөнүн мамилеси нормалдашкан сайын чектөөлөрдүн саны азаярын билдирди. Анын пикиринде, келечекте санкциялар толугу менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
Жон Коул Лукашенко менен жума жана ишемби күндөрү өткөн сүйлөшүүлөрдү «абдан жемиштүү» деп мүнөздөдү. Тараптар эки тараптуу мамилелерди нормалдаштыруу маселелерин, ошондой эле Россия менен Украинанын ортосундагы согушту талкуулашкан. Коулдун айтымында, Александр Лукашенко Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча «пайдалуу кеңештерди берип жатат».
Беларустун көз карандысыз маалымат каражаттарынын жазышынча, калийге байланыштуу санкциялар алынган соң, Лукашенко саясий туткундардын ири тобун бошотушу мүмкүн.


