ЕАЭБ аймагында электр кыймылдаткычы бар моторлуу транспорт каражаттарына (электромобилдер жана гибрид унаалар) импорттук бажы төлөмүнөн бошотуу боюнча Кыргыз Республикасынын квотасын кеңейтүү чечими кабыл алынды. Ага ылайык, үстүбүздөгү жыл үчүн тарифтик жеңилдиктердин көлөмү 15 миң даанага чейин көбөйтүлдү.
Тиешелүү чечим Москва шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында кабыл алынып, документке кол коюлду. Чечим Кыргызстан тарабынан колдонуудагы квотанын толук өздөштүрүлгөнүнө байланыштуу кабыл алынган.
Ошондой эле жыйындын жыйынтыгында ЕАЭБ алкагында бажы контролун жакшыртуу, санариптик технологияларды өнүктүрүү, электрондук сооданы колдоо, товарларды маркалоо системасын өркүндөтүү жана антидемпингдик чараларга байланыштуу бир катар документтерге кол коюлду.
Бул чечим Кыргызстанда экологиялык таза транспортту кеңири жайылтууга жана электромобилдердин жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган.

