Эдил БАЙСАЛОВ: “Демократия – артыкчылыктуу элита үчүн эмес, эл үчүн”

Кыргызстан – ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбордук Азиянын «демократия аралы» деп аталып келген. Бирок, жакында Бишкектеги бийлик никаб кийүүгө тыюу салуу боюнча талаштуу чечим кабыл алды.

    The Liberum басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул чарага эмне түрткү болгонун, анын өлкөнүн демократиялык принциптерине канчалык шайкеш келерин жана Кыргызстандын жакынкы жылдардагы тышкы жана энергетикалык саясаты кандай болорун айтып берди.

Байсаловдун пикиринде, акыркы он жылдыктарда чет элдик каржылоо менен иштеген айрым тармактар Кыргызстандагы жакырчылыкты пайдаланып, тааныш эмес диний салттарды жайылтууга аракет кылышкан, бул кээде түшүнбөстүктөрдү жана социалдык чыңалууну жараткан. Ал түшүндүргөндөй, Бишкектин бул саясаты динге каршы багытталган эмес, тескерисинче, Кыргызстандын маданий мурасын, социалдык биримдигин жана салттуу ислам формасын коргоого багытталган. Борбордук Азиянын бир катар башка мамлекеттери да өздөрүнүн өзгөчөлүгүн жана коомдук тең салмактуулугун сактоо үчүн ушундай эле кадамдарды жасап жатышат.

 The Liberum: — Россия жана көпчүлүк Европа өлкөлөрү эмне үчүн ушундай саясатты кабыл алган жок деп түшүндүрө аласызбы?

 Башка өлкөлөрдүн ички саясатына комментарий берүү менин ишим эмес. Ар бир мамлекеттин өзүнүн тарыхы, баалуулуктары бар. Кыргызстандын саясаты биздин өз тарыхыбызды, маданиятыбызды жана социалдык чындыгыбызды чагылдырат – андан башка эч нерсе жок.

  The Liberum: Бишкектин никаб саясатынын артында кандай маданий же диний жүйө турат?

  • Кыргызстан дин тутуу эркиндигин терең урматтайт жана гармониялуу, көп улуттуу жана көп конфессиялуу коом экени менен сыймыктанат. Бирок биздин салттуу ислам формабызда Жакынкы Чыгыштын чөл маданияттарына байланыштуу кийимдер эч качан болгон эмес. Ал кийимдер биздин чөйрөгө туура келбеген климаттык өзгөчөлүктөрдөн улам пайда болгон. Кыргыз аялдары коомдо ар дайым күчтүү статуска ээ болушкан. Биздин ислам салтыбыз ачыктыкты, билим берүүнү, толеранттуулукту жана жупуну ички амалдарды баалайт – сырттан келген кийимдер аркылуу коомдук көрсөтмөлөрдү эмес.

  The Liberum: Парламенттик шайлоо аяктагандан кийин Кыргызстан Борбордук Азиянын демократия аралы бойдон калабы?

  • Кыргызстан Борбордук Азияда демократиянын нукура үлгүсү бойдон калууда. Биз аймактагы эң өнүккөн шайлоо институттарын иштеп чыктык. Биздин парламенттик, президенттик шайлоолорубуз дайыма эркин жана адилеттүү деп жогору бааланат. Биз борборлоштурулган, автократиялык башкарууга таянбаган көчмөн мурасыбыз менен сыймыктанабыз.

Андан да маанилүүсү, Кыргызстан бир ууч гана элитага кызмат кылган системаларды таңуулоо аракеттерине каршылык көрсөтүүнүн жандуу тарыхына ээ. Биздин элибиз өз укуктарын, кадыр-баркын жана демократиялык тандоосун кайра-кайра коргоп келген.

Бүгүнкү күндө Президент Садыр Жапаров көптөгөн сынчылардын жаңылганын далилдеди. Анын мандаты жалпы калктын кеңири кызыкчылыктарына негизделген жана натыйжалар муну көргөзүп турат. Биздин ИДП 2022 — 2023-жылдары 9%га өстү, ал эми жаңы эсептөөлөр 2024-жылга 11,5% өсүү темпин көрсөтүүдө. Мамлекеттик бюджеттин кирешелери үч эсеге көбөйүп, бул өлкө боюнча мектептердин, ооруканалардын, жолдордун, мамлекеттик кызматтардын дүркүрөп өсүшүн, айлык акылардын көтөрүлүшүн, социалдык жөлөкпулдардын кеңейишин жана пенсиялардын жогорулашын камсыз кылды.

Кыргызстан — өз жарандары сыймыктанган өлкө бойдон калууга умтулат – бизде демократия элдин жашоосунда чыныгы, үзгүлтүксүз жакшыртууларды камсыз кылат.

  The Liberum: — Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн алгачкы 30 жылын Батыш стилиндеги парламенттик системаны көчүрүүгө аракет кылуу менен өткөрдү. Азыр сиздер уникалдуу кыргыз системасын иштеп чыгып жатасыздарбы?

  • Контекстти түшүнүү маанилүү. Биз тоталитардык Совет системасынан чыгып, ошол кездеги модага айланган неолибералдык ой жүгүртүүгө шыктанып, кескин түрдө ультра-либерализмге ооп кеттик. Биз дээрлик бардыгын менчиктештирдик, мамлекеттик кызматтарды жойдук жана адамдар рыноктун «көрүнбөгөн колуна» таянышы керек деген идеяны кабыл алдык. Бул гүлдөп-өнүгүүнү алып келген жок. Өлкө жакырланып, өнөр жайлар жоголуп, өнүгүүнүн мындай модели туруксуз болуп чыкты. Бүгүнкү күндө биз тең салмактуулукту издейбиз. Атаандаштыкка жөндөмдүү дүйнөдө – ар  бир мамлекет дээрлик улуттук корпорация сыяктуу иштейт жана бул узак мөөнөттүү ийгиликке багытталган жоопкерчиликтүү, стратегиялык лидерликти талап кылат.

Биз экзотикалык «уникалдуу кыргыз моделин» ойлоп табууга аракет кылган жокпуз, ошондой эле Чыгыштын же Батыштын сабактарын четке каккан жокпуз. Биз аткарылган иштерге негизделген гүлдөгөн, туруктуу мамлекетти курууну каалайбыз. Биз артка таштап кеткен нерсе – бул бир нече бай кландардын демократиялык институттарды басып алган системасы болду. Кыргызстандагы демократия артыкчылыктуу азчылык үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек.

  The Liberum: — Дүйнөлүк башаламандыктын шартында Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясатын улантабы?

  • Албетте. Кыргызстандын көп векторлуу тышкы саясатын улантуусуна тоскоолдук кылчу эч кандай себеп жок. Биз бардык коңшуларыбыз жана негизги дүйнөлүк державалар менен конструктивдүү мамиледе болгон эгемендүү мамлекетпиз. Биздин мамилебиз тынчтык дипломатиясына, БУУнун Уставына жана эл аралык укукка негизделген.

Биздин компас жөнөкөй: элибиз үчүн ийгиликтүү мамлекет куруу жана улуттук кызыкчылык. Биз башкалардын ички ишине кийлигишпейбиз жана биздикине кийлигишүүнү кабыл албайбыз. Ошондуктан, Кыргызстан «тараптарды тандоосу» керек деген идеяны кабыл ала албайт.

Биз бардык өнөктөштөр менен кызматташууну жана соода жүргүзүүнү улантабыз, ошол эле учурда кичинекей мамлекеттерди бузууга багытталган нео-империалисттик аракеттердин бардыгын кескин түрдө четке кагабыз. Биздин тышкы саясатыбыз прагматикалык, туруктуу жана өнүгүүгө багытталган бойдон калат.

  The Liberum: — Пекин Бишкектин негизги тышкы саясий өнөктөштөрүнүн бири. Ошентсе да, сиз жакында Кыргызстандагы Кытайга каршы риториканын күчөп жатканына тынчсызданууңузду билдирдиңиз. Сиздин оюңузча, мунун артында ким турат?

  • Бул ачыктан-ачык жасалма – сырттан манипуляцияланган социалдык медиадагы күтүүсүз окуя. Мен булагын атабайм, бирок акыркы 30 жыл ичинде кыргыз эли биздин улуу коңшубуз Кытайды терең урматтап жана баалап калганын толук ишеним менен айта алам.

Биз ушундай күчтүү жана достук өнөктөшкө ээ болгонубузга бактылуубуз. Мен мурунку администрацияларды биздин эки тараптуу байланыштардын потенциалын толук ача албаганы үчүн бир кезде сындаган адам катары, бул позитивдүү маанай коомдо кеңири жайылганын билем.

Өлкө ичиндеги бир нече жоопкерчиликсиз активисттер да жалган патриотизмди саясий пайда үчүн колдонууга аракет кылышты. Алар ишке ашкан жок. Кытайга каршы маанайды козутуу аракеттери ийгиликке жетпейт. Кыргызстандын Кытай менен өнөктөштүгү күчтүү, стратегиялык жана келечекке багытталган. Биз анын жакынкы он жылдыкта он эсеге кеңейет деп күтөбүз.

  The Liberum: — Кыргызстандын Кытай жетектеген Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчөлүгү 2026-жылы Бишкекте өтө турган ШКУ саммитинин алдында анын позициясына кандай таасир этти?

  • Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун алты негиздөөчү мүчөсүнүн бири болгону менен сыймыктанат. Жылдар бою ШКУ дүйнө калкынын жана экономикалык өндүрүшүнүн олуттуу бөлүгүн түзгөн эң таасирдүү аймактык уюмдардын бирине айланды.

Биз ШКУ саммитин эки жолу өткөргөнбүз. 2026-жылы биз ШКУ лидерлерин тарыхый датада – Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгында, 31-августта тосуп алабыз.

Кыргызстан ШКУ аймагынын жүрөгүндө жайгашкан. Бул жылы Борбордук Азия маанилүү этапты багындырды: Кыргызстан, Тажикстан жана ªзбекстандын ортосундагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо Коженттеги тарыхый келишим менен ийгиликтүү аяктады. Бул жетишкендик Борбордук Азияны тынчтыктын, достуктун жана кызматташтыктын аймагына айлантат.

2026-жылдагы саммитти өткөрүү бизге өзүбүздүн ыкчам социалдык-экономикалык прогрессибизди жана жаш, дымактуу улут катары ишенимибизди көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. ШКУ чек ара коопсуздугу механизми катары башталып, коопсуздук, экономикалык кызматташтык жана маданий дипломатия үчүн күчтүү платформага айланды – азыр көптөгөн өлкөлөр бул абройлуу түзүмгө кирүүгө умтулуп жатышат.

  The Liberum: — Ошол эле учурда, Европа Биримдиги Борбордук Азиянын стратегиялык маанилүү аймагында өзүнүн катышуусун күчөтүүгө умтулууда. 27 мамлекеттен турган блок менен кызматташуудан кандай үмүттөрүңүз бар?

  • Бишкек Европа Биримдиги менен – блок катары да, анын 27 мүчө-мамлекети менен өзүнчө да – жакшы мамилелерди сактайт. Биздин байланыштарыбыз терең, өзгөчө Чыгыш Европада, Германияда 80 миңден ашуун жарандын тамыры Кыргызстанга барып такалат – Франция жана башкалар менен мамилебиз бар.

Быйыл биз Евробиримдик менен Комплекстүү жана Кеңейтилген өнөктөштүк жана Кызматташтык Келишимине кол койдук. Ошондой эле биз экспорттун өсүшүн колдогон Жалпыланган преференциялар схемасы болгон (GSP+) программасынан пайда алабыз. Биз билим берүү, технология, инновация жана ЕБ эмгек рынокторуна жетүү жаатында кызматташууну кеңейтүүгө умтулабыз. Жаштардын Европада иштөө жана окуу мүмкүнчүлүктөрү аларга заманбап көндүмдөрдү алууга жана Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуу үчүн кайтып келүүгө жардам берет.

Борбордук Азия ар дайым Чыгыш менен Батыштын ортосундагы табигый кесилиш болгон. Коңшуларыбыз менен бирге биз Евробиримдик менен өнөктөштүктө бул ролду тереңдетүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз.

  The Liberum: — Кыргызстанда кээде электр энергиясынын жетишсиздиги болуп турганын эске алганда, өлкө Борбордук Азия менен Европаны Түштүк Кавказ аркылуу байланыштырган ЕБдин жашыл энергия коридоруна кандай салым кошо алат?

  • Мен биздин электр энергиябыз Европага экспорттолот дегенге бир аз ишенбейм – бул маршрут биздин айрым коңшуларыбыз үчүн көбүрөөк актуалдуу. Биздин ички жана аймактык суроо-талап күчтүү.

Кыргызстандагы учурдагы электр энергиясынын жетишсиздиги ондогон жылдар бою инвестициянын жоктугунан жана күчтүү экономикалык өсүштөн улам керектөөнүн көбөйүшүнөн келип чыгууда. Бирок биз азыр бул маселени чечкиндүү түрдө чечип жатабыз. Биз жүздөгөн кошумча гидро, күн жана шамал долбоорлору менен колдоого алынган Камбар-Ата-1 мега-ГЭС долбоорун баштадык. Биз электр энергиясынын дефицитин эки жылдын ичинде жоёбуз жана беш жылдын ичинде өндүрүш кубаттуулугубузду эки эсеге көбөйтөбүз деп күтөбүз.

Кыргызстан толугу менен арзан жашыл гидроэнергетика менен камсыз болгон мега-маалымат борборлорунун (дата-борборлордун) глобалдык борбору болууну көздөйт. AI доору көмүртексиз электр энергиясынын чоң көлөмүн талап кылат, жана биз аны камсыз кылуу үчүн идеалдуу абалда турабыз. Ошондой эле аллюминий өндүрүшү жана башка кошумча нарктуу өндүрүш сыяктуу энергияны көп талап кылган тармактарды да электр энергиясы менен камсыз кылабыз.

Ошондой эле биз дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду жылуу тосуп алабыз. Ал эми The Liberum окурмандарынын көбү жакынкы жылдары биздин өлкөгө келип кетишет деп ишенем.

 

Никола Микович, 9-декабрь 2025-жыл.

 

Даярдаган Т.АЛЫМБЕКОВ

“Кыргыз Туусу”

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз