Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» товардык белгисине өзгөчө укуктарды мамлекетке өткөрүп берүү аземине катышты.
Анын айтымында, товардык белгинин мамлекетке өтүшү — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын институционалдык, укуктук жана башкаруучулук негизин күчөтүүчү маанилүү чечим болуп саналат. Бул кадам мындан ары оюндарды өнүктүрүү, коргоо жана дүйнөлүк деңгээлде кеңири таанытуу үчүн туруктуу мамлекеттик саясат жүргүзүүгө шарт түзөт.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, акыркы он жылда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын улуттук бренди, маданий дипломатиясынын символу жана көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын тааныткан эң ири эл аралык долбоорлордун бири болуп калды.
Ошондой эле ал оюндардын бренд катары калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң салым кошкон Асхат Акибаевдин эмгегин өзгөчө атады.
2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт, жана мамлекет бренддин ээси катары бул иш-чараны жогорку эл аралык стандартта уюштурууну максат кылууда.


