Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча 541ден ашык жеке медициналык жана фармацевтикалык уюмду текшерип, анын жыйынтыгында 263 клиника лицензиясыз иштеп жатканы үчүн жабылды.
Текшерүүдө 246 мекеме таптакыр лицензиясыз, ал эми лицензиясы бар 295 уюмдун 110унда да олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Мисалы: санитардык нормаларды сактабаган, тиешелүү билими жок кызматкерлерди ишке алган, катталбаган дары-дармектерди колдонгон жана лицензияда көрсөтүлбөгөн кызматтарды көрсөткөн фактылар болгон.
Жыйынтыгында:
- 20,7 млн сомдон ашык айып пул салынды,
- 263 клиниканын иши токтотулду,
- 246 материал укук коргоо органдарына өткөрүлдү.
Министрлик жарандарды медициналык кызматты лицензиясы бар мекемелерден гана алууга чакырат. Лицензияны med.kg сайтынан текшерсе болот.


