Японияда 2025-жылдагы эң күчтүү делген зилзала жүз берди

 

Япониянын түндүгүндө 8-декабрь түнү болгон 7,5 баллдык жер титирөөдөн улам кеминде 30 адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити билдиргенин Nikkei жазды.

Өкмөт башчысы азырынча каза тапкандар же дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат жок экенин белгиледи. Ал жарандарды кадимки жашоо-ыгын улантып, бирок кубаттуу кайталануучу толкундоолорго даяр болууга чакырды.

Жер титирөөнүн эпицентри Тынч океанда, Аомори префектурасынын чыгыш тарабында болуп, очогу 50 км тереңдикте жайгашкан. Башында магнитуда 7,2 деп кабарланып, кийин 7,6га көтөрүлүп, акыркы эсеп 7,5 деп такталды.

Сейсмологдор Аомори, Иватэ жана Хоккайдо префектураларына 3 метрге чейин цунами келиши мүмкүн деген эскертүү беришкен. Учурда эскертүүлөрдүн баары жокко чыгарылып, эң бийик катталган толкун 70 см болгон.

Фукусима-1ди кошо алганда, Япониядагы атомдук объектилерде эч кандай өзгөчө кырдаал аныкталган эмес. Зилзала аймактагы темир жол кыймылына да таасир этип, айрым багыттарда «Синкансэн» тез поезддеринин жүрүшү убактылуу токтотулган.

Бул жер титирөө 2025-жыл башталгандан берки Япониядагы эң күчтүү сейсмикалык окуя болду. Буга чейин эң күчтүү зилзала 9-ноябрда Иватэ аймагында катталып, анын магнитудасы 6,8 болгон.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз