whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Акыл агымынан" утабызбы же уттурабызбы?

«Акыл агымынан» утабызбы же уттурабызбы?

Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекеттин экономикасынын өнүгүшү өлкөдөгү дасыккан окумуштууларга, тажрыйбалуу адистерге, илимдүү, билимдүү кызматкерлерге, жаштарга, орто жаштагыларга байланыштуу экени баарыбызга маалым. Саясий, экономикалык, социалдык себептерден жана жакшы жашоону эңсөөдөн улам кайсы бир өлкөдөн адистердин, билимдүү жаштардын сыртка карай агылышы ал мамлекетти абдан алсыратып коёрун да көрүп, билип жүрөбүз. Ар тармактын такшалган, жоктон бар кыла турган билимдүү адистеринин массалык эмиграциясын орусча “утечка мозгов” деп келебиз. Негизинен бул термин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин окумуштуулар жана инженерлердин Улуу Британиядан Түндүк Америкага болгон агымын сүрөттөө үчүн британиялык Королдук коом тарабынан (англисче brain drain) киргизилген. Учурда “акылдын сыртка карай агылуу” көйгөйү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн гана эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн да баш оорусуна айланды. Себеби, акылдуу, жаратман адамдар өлкөдөн чыгып кетсе ал өлкөнүн экономикалык, илимий потенциалы азайып, билим берүү жана саламаттык сактоо сапаты кескин төмөндөөрүн эксперттер эскертип келишет. Жаштардын, тажрыйбалуу адистерибиздин ар жылы сыртка агылып жатышын эске алып, бул боюнча кенен ой жүгүртүп көрүүнү туура көрдүк.


Европа “акылдууларга” муктаж

Негизи “акылдын сыртка агылышы” өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге мүнөздүү. Бирок, ушул тапта Европанын өзүндө бул олуттуу көйгөйгө айлангандыктан Европа өлкөлөрү америкалык окумуштууларды жана студенттерди тартуу-га активдүү аракет жасай баштаганы айтылууда. Дональд Трамптын илимий каржылоону азайтуу саясатынан улам акыркы айларда мурда Стэнфорд, Йель, NASA мекемелеринде, АКШнын Улуттук саламаттык сактоо институту менен Джордж Вашингтон университетинде иштеген көп мугалимдер, илимпоздор Франциянын Экс-Марсель университетине илимий иштерин улантууга барышкан. ЖОЖ өкүлдөрүнүн айтымдарында, алардын айрымдары изилдөө лабораторияларында иштей башташса, башкалары студенттерге лекциялык курстарды өтө башташыптыр. Журт которгон окумуштуулар көчүп кетүүгө АКШдагы гуманитардык факультеттерге болгон кысымдар, илимий саясаттын приоритетинин төмөндөшү, федералдык гранттардын кыскарышы себеп болгонун айтышкан. “Биз АКШдан биротоло көчүп кетпейбиз, бирок туруксуздук жана узак мөөнөттүү стратегия жок шартта иштей албайбыз”,-дейт Францияга көчүп барган окмуштуулардын бири. Анын айтымында, АКШда климаттык өзгөрүүлөр боюнча илимий долбоорун каржылоо токтогон. Ошол эле кезде долбоорду Франциянын Билим берүү министрлиги каржылоого макулдук берген. Мындай көрүнүштөн улам эксперттер Европа XX кылымда жоготуп алган окмуштуулар санын көбөйтүп, глобалдык изилдөө борбору статусун кайтарып алууну максат кылып жатканын айтышат. Ошол себептен Европа илимге, айрыкча экология, медицина жана жасалма интеллект тармагына олуттуу инвестицияларды тартып жатат дешет алар.

Алдын албаса арты жакшы болбойт

Бирок, “медалдын эки бети бар” дегендей муну менен азырынча Европа өлкөлөрүнүн баарында эле “акыл агымы” маселеси бир беткей чечилип кеткен жок. Евробиримдиктин маалыматы боюнча Европанын 82 регионунда (Европа калкынын 30 пайызы) квалификацияланган жумушчу күчү кыскарып, жогорку билим деңгээли, өндүрүш төмөндөп кеткен. Бул экономикалык туңгуюкту жаратып, жаштарды эмиграция тууралуу ойлонууга аргасыз кылган. Мисалы, Португалияда бул көйгөйдөн улам жаштардын 30 пайызы чет өлкөлөрдө жашайт жана португалиялык иммигранттардын 70 пайызы 40 жашка чейинкилер. Адистешкен, тажрыйбалуу жаштарды кармап калуу үчүн Португалия өкмөтү 18 жаштан 35 жашка чейинки жумушчулар үчүн салыкты азайтуу планын ишке киргизген. Тилекке каршы, бул демилге жаштарды токтото алган эмес. Сыртта жүргөн португалиялыктардын көбү өз мекенин туруктуу жумушсуздуктун, эң төмөнкү маянанын, жогорку салыктын, кол жеткис турак жайдын жана эң начар эмгек шартынын өлкөсү катары көрүшөт. “Көңүл калуу сезиминен сырткары, биздин муунда азыр кыжырдануу сезими бар. Мен абдан капамын. Себеби, мен өз өлкөмдү сүйөм. Эгер мага ылайыктуу жумуш, жашоо шарты болсо мен Португалиядан кетпейт элем”, – деп жооп берген Жуан аттуу португалиялык юридикалык факультеттин бүтүрүүчүсү. Байкалып тургандай, португалиялыктардын билдирүүсүндө кандайдыр бир ыза, ички таарыныч бар.

Мындай кырдаалды жумшартуу максатында Евробиримдикке мүчө мамлекеттер, Европа комиссиясы “Таланттарды алга жылдыруу” аталышындагы демилгеге катышып жатышат. Бул демилгенин таасирин Алентежу регионундагы Эвора шаарында курулуп жаткан оорукананын курулуш аянтынан байкоого болот. Регио-налдык, улуттук жана европалык бийликтердин билдирүүсү боюнча, бул оорукана жана окуу борбору 2000 квалификациялуу жумуш орундарын түзөт. Бул максатта алгачкы инвестиция катары 200 млн. евро 500 миң адамга көрсөтүлүүчү медициналык жардамды жакшыртууга жана квалификациялуу медицина кызматкерлерин окутууга, аларды Европада кармап калууга жумшалган. Эл аралык эксперттердин айтымында, Европа минтип “акыл агымын” азыртадан алдын албаса 2080-жылга чейин регион жергиликтүү калкынын 30 пайызын жоготот деген божомол да бар.

Европанын “акыл агымына” каршы жана окумуштууларды тартуу боюнча программалары активдешкенине карабай азырынча жаңы мүмкүнчүлүктөр чектелүү бойдон калууда. АКШныкына салыштырмалуу маянанын, бюджеттин аздыгы дасыккан адистерди тартууга тоскоолдук жаратып жатканы жашыруун эмес. Европа өзүн академиялык эркиндиктин чеби катар көрсөткөнү менен европалык университеттер финансылоого, кадр саясатына, керек болсо изилдөөлөрдүн өзүнө таасир эткен ар кандай идеологиялык кыймылдардын кысымдарына дуушар болушууда. Андыктан европалык университеттердин чакыруусунан өздөрүнүн көз карашын жайылтуу үчүн Европадагы комфорттук чөйрөнү пайдаланууну көздөгөндөр да пайдаланып кетиши толук мүмкүн дегендер да жок эмес.

АКШнын «акыл чөйчөгү” кандай?

Ал эми изилдөөлөрдүн, ачылыштардын, илимдин, ар башка өлкөлөрдөн келген “акылдын” мекени делген АКШга келсек, Financial Times басылмасы Дональд Трамптын саясатынан улам америкалык окумуштуулар чет өлкөлүк институттардан баш калканч издей баштаганын жазып чыкты. Трамптын администрациясы айрым университеттерди каржылоону токтотуп, солчул активисттер, саясатчылар активдүү жайылткан D.E.I. (diversity, equity and inclusion – ар түрдүүлүк, теңчилик жана инклюзивдүүлүк) концепциясына каршы күрөштү баштаганы ондогон программалар, курстар, гранттар, траншеялар тоңдурулган. АКШ институттарын 1 млрд. долларга каржылоо токтотулуп, 40 млрд. долларлык каржылоо тоңдурулган. Ошол себептен, Оксфорд университетине 20дан ашык америкалык окумуштуулардан ишке алуу боюнча сунуш түшкөн. Швециялык илимий-изилдөө университетине да америкалык окумуштууларга колдоо көрсөтүү сунушталган.

Антверпена университетинин эл аралык саясат профессору Дэвид Крикемансан
АКШда ушул тапта чыныгы “акылдар агымы” болуп жатканын билдирди. 13-мартта болсо дүйнө жүзүндөгү медициналык изилдөө университеттеринин эң престиждүүсү делген Джон Хопкинс университети 800 млн. доллар федералдык субсидиялардан кол жуугандыгына байланыштуу 2 миңден ашык кызматкерди иштен бошотууга аргасыз болорун билдирген. Бул билдирүүдөн соң Дэвид Крикемансан “Европага эң мыкты акылдарды тартып, негизги тармактардагы билим менен ноу-хауну бекемдеп алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн” жарыя кылды. Өз билдирүүсүндө Экс-Марсель университетинин ректору Эрик Бертон “Биз америкалык окмуштуулардын көбүнө өз изилдөөлөрүн улантууга болушунча шарт түзүп беребиз. Бизге Билим берүү жана илимий изилдөө министрлиги бул процессте толук колдоо көрсөтүп турат” деген. Бирок, Экс-Марсель жана башка француз институттары дүйнөдөгү университеттик изилдөөлөр борборуна айлангысы келсе Британия менен Германия институттарына теңтайлашышы керек болот.

Күнгөй, тескей

Эксперттердин билдиришинче, “акыл агымынын” экономикага терс жана оң таасири да бар. Бүткүл дүйнөлүк банк-тын изилдөөсү боюнча Африка өлкөлөрү чет өлкөлүк программисттердин, мугалимдердин, инженерлердин, менеджерлердин жана башка адистиктеги кызматкерлердин эмгек акысына ар жылы 4 млрд. доллар каражат коротот. Ошону менен бирге эле Африка, Латын Америка жана Азия өлкөлөрүндө азыркы замандын өзөгү болгон орто класстарды “жууп кетүү” процесси “акыл агымынын” кесепети экенин баса белгилеп келишет. Башкача айтканда, бул региондордогу бир тажрыйбалуу адистин сыртка кетиши 1 млн. доллар чыгашага алып келет. Жыйынтыгында, “акыл агымын” колониализмдин жаңы түрү десек болот. Бир кезде колонияларга сырьё менен даяр буюмдар ташылып барса, эми “жакыр” өлкөлөр мурдагы метрополийлерге өздөрүнүн адистерин жиберип, кайра алардан ошол өздөрүнүн адистери жараткан продукцияны алып жатышат.

Ошондой эле “акыл агымынын” жакшы жагы – “акылдардын” кайсы бир бөлүгү мекенине жаңы билим, тажрыйба, чеберчиликти алып келип жатат. Алсак, Тайвандагы жогорку технологиялык компаниялардын жарымын АКШдан кайткан тайвандыктар түзгөн. Кытайдагы ири интернет-компанияларды деле АКШдан билим алган этникалык кытайлар негиздеген. Калифорния университетинин салыштырмалуу иммиграциялык изилдөөлөр борбору 1990-жылдарда Индиядагы маалыматтык технологиянын өнүгүшү 1970-80-жылдарда АКШга кеткен индиялыктардын кайтып барышына байланыштуу деген жыйынтык чыгарган. Индиядагы 20 ири программалык камсыздоо компанияларынын 10у америкалык индустар тарабынан негизделсе, 4өө биргелешкен компания болгон. Жыйынтыгында “акылдардын” мекенине кайтып келиши индиялык IT-компаниялардын өлкө ИДПсынын 7,5 пайызын түзүүсүн жана 2 миллиондон ашык жумушчу орундун түзүлүшүн шарттаган.

Мындан сырткары, “акылдар” өз мекенине дайыма материалдык жардам көрсөтүп турат. Айрым өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн төлөмдүк балансы адистердин жакындарына, туугандарына которгон акчасынын эсебинен жакшырып жатканын жашыра албайбыз. Мындай мамлекеттердин ичинде Кыргызстан да бар. Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фондунун эсеби боюнча 2006-жылы өнүккөн өлкөлөрдө иштеген 150 млн. мигрант мекенине 300 млрд. доллар которушкан. Ошону менен бирге эле айрым өлкөлөрдүн чет өлкөлөрдө жогорку кызматтарда иштеген өкүлдөрү өз мекенине эл аралык компаниялардын филиалдарын ачууга жетишишкен. Демек, “акыл агымынын” терс жана оң таасири бар десек болот.

(Уландысы бар)

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар