Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте балдар үчүн акысыз спектакль жана майрамдык концерт өтөт

Бишкекте балдар үчүн акысыз спектакль жана майрамдык концерт өтөт

1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкекте майрамдык концерт жана театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулат. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын басма сөз кызматы кабарлады.

Майрамдык иш-чара театрдын алдындагы аянтта өтөт. Программада «Узун байпак Пеппи» аттуу шаңдуу жана эсте кала турган спектакль көрсөтүлөт. Пеппи менен анын достору көрүүчүлөрдү музыка, ыр-бий жана жомоктогудай окуялар дүйнөсүнө жетелешет.

Иш-чара таланттуу ырчылар жана артисттердин коштоосунда өтүп, майрамдык маанай тартууланат.

Кирүү акысыз. Башталышы — саат 11:00.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар