2026-жылы Кыргызстанда 17 чакан ГЭСтин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы жалпысынан 17 объект ишке киргизилет, алардын экөө буга чейин эле иштей баштаган. 2030-жылга чейин чакан ГЭСтердин жалпы кубаттуулугун 400 мегаваттка жеткирүү пландалууда.
Учурда республикада болжол менен 40–45 чакан ГЭС иштеп жатат. Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында да жаңы объекттерди куруу пландалууда. Долбоорлорго жеке инвесторлор жигердүү тартылып жатат. Алар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган.