Министрлер кабинети Кыргызстанга электрондук тамеки импорттоого киргизилген чектөөнү дагы алты айга узартууну сунуштады. 23-апрелде коомдук талкууга коюлган долбоор 2025-жылы күчүнө кирген мыйзамды талаптарын аткарууга багытталган.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, чектөө 10-январдан тартып алты айга киргизилген жана бул убакыт ичинде өлкөгө бир да электрондук тамеки импорттолгон эмес. Документте никотин камтылган электрондук тамекилерди ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга толук тыюу салуу каралган.
ЕАЭБ эрежелерине ылайык, мындай чектөө жарым жылдан ашпоого тийиш. Ошондуктан аны 10-июлдан тартып дагы алты айга узартуу сунушталууда.
Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы Кыргызстанга 60 тоннадан ашык, ал эми 2025-жылдын жети айында 12,4 тонна электрондук тамеки импорттолгон.
Кыргызстан 2006-жылдан бери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясынын катышуучусу болуп саналат жана никотин продукцияларынын зыяндуу таасирин азайтуу боюнча милдеттенмелерди алган.
Эске салсак, 2024-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, электрондук тамекини колдонгон жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат. Саткандарга 50–65 миң сом, ал эми ташыгандарга 150–200 миң сом айып пул же 1–2 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.