whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.11.2025
-0.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү“Манас” – биздин уңгубуз, кылымдар топтогон акылыбыз, арка-жөлөк болор ар-намысыбыз”

“Манас” – биздин уңгубуз, кылымдар топтогон акылыбыз, арка-жөлөк болор ар-намысыбыз”

Жуңголук кыргыз илимпозу, профессор Макелек Өмүрбайды гезитибиздин окурмандары жакшы билишет. Убагында Макелек аба гезитибиздин туруктуу авторлорунан болуп, адабий темаларда талкууларга катышып, тил боюнча, улуттук каада-салт боюнча омоктуу ойлору менен бөлүшүп турчу.
Бул жолу Макелек аба менен “Манас” эпосунун тегерегинде маектештик.

– «Манасты» жомок катары да, аны тарых катары да кабыл алгандар бар. Арийне, «Манас» биздин өтмүшүбүз, өткөнүбүз гана эмес, ал биздин бүгүнкүбүз да эмеспи?

–  Арийне! Биз «Манаста» бүгүнкү адамдардын турмушуна эмне кереги бар экенин ачып бере албай жатабыз. Бул чындык. Биз «Манаска» кире албай, өз боюбуздан алыс тутуп жатабыз. Болбосо, ар бир кыргыз — бул «Манас» айтпаган манасчылар. Биздин манасчылардан айырмабыз, алар манас айтат. Башкаларыбыз айтпайбыз. Айырма ошондо эле. Алардын кан-жанында «Манас» кандай агып турса, биздин каныбызда деле «Манас» дал ошондой агып турат. Болгону алардын пешенесине «Манас» айтууну жазып койгон. Эгер башка бирөөнүн маңдайына манасчылыкты жазса, ал деле
айтмак!

–  «Манас» айтылып жатканда, бир селт этип албаган кыргыз болбосо керек.

–  Манас биздин көкүрөгүбүздө жашайт. Ошон үчүн «Манасты» укканда бир селт этип алабыз. Ал бизди дайыма ойго салат, дүүлүктүрөт. Жаман кадамдардан сактайт. Ал бизди дайыма чакырат. Кыргыздагы «Эл эмне дейт» деген улуу акылмандык да «Манас» менен байланышкан. Кандайдыр бир кадам жасаар алдында биз «эл эмне дейт» деп чочулап турабыз. Муну элдүүлүк дейт. Каалайбызбы же жокпу элди ойлоп, ошол жасаган кадамыбыз менен, айткан сөзүбүз менен элге каршы иш жасап албайлы деп турабыз. Бул эң жакшы, салттуу касиет. Бизден башка элдерде мындай касиет барбы же жокпу, аны айта албайм.

– “Манас” эмнеси менен улуу?

– “Манастагы” эң улуу идея, негизги идея – биримдик жана ынтымактык. Мына ушул элдик даанышмандыкты биздин акылман жомокчуларыбыз ырга салган. Ынтымак түзбөй эл бейпил болбойт, биримдик болбой улут калыпташпайт. “Манастагы” ар бир кейипкер, ар бир окуя, ар бир эпизод жөн жеринен эле кирип калган эмес. Анын баары ушул эки эбегейсиз идеянын ажаты менен кирген. Алмамбеттин “Манаска” кирүүсүнүн эмне кереги бар эле? Бул окуя “Манаста” негизги идея үчүн канчалык кызмат өтөйт? Каныкей эмне үчүн кирди эпоско? Манаска аял алпериш эле үчүнбү? Же башка да максаты барбы?

Илгери Кошой өзүнчө жомок, Алманбеттин окуясы өзүнчө жомок болгон экен. Кийин ошол жомоктордун баары куралып, “Манас-ка” айланган. Жер Күндү айланган сыңары, бардык жомоктор, жакшы идеялар “Манас” идеясынын тегерегинде айланган.

Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Айың менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Алды калың кара жер
Манаска жердигинен түткөндөй, – деп  “Манас” тирөөч катары жаралган боюнча айтылып жатат.

Адатта ар бир адам тубаса эси менен төрөлөт, ар бир адамга талант да, жөндөм да, шык да, жаратмандык да, бардык жакшы нерселер ченебей берилген дейбиз. Бирок ал эс, талант, жөндөм, шык ар бир адамда эле ачыла бербейт. Бири окумуштуу болот, бири колуна калем кармап ыр жазат, бири комуз чертет, биринен дыйкан, биринен мыкты куруучу чыгат. Бири мугалим, бири врач катары таанылат. Кээ бир адамдар бар го, комуз да чертет, ырдайт, сөзгө да чечен, жамактап төгүп да иет, а кесиби карапайым жыгач уста.

Муну эмнеге айтып жатам? Адам өзүндөгү табият тартуулаган касиетти, улуу күчтү ачышы керек. Манас атабызда – ошол касиет, ошол күч ачылган. Ал баатыр десең – баатыр, акылман десең – акылман, акыры айкөлдүк даражага жеткен. Айкөлдүк өтө кенен, бийик түшүнүк. Кыргыз акылмандуулугунун, адам болуунун тогуз тепкичи наамы болгон. Ал наамдарды төмөн тепкичинен көрсөтсөк: жакшы, билги, бийик, акылман, даанышман, кеменгер, олуя, көсөм, айкөл аталган наамдар, мында эң бийиги айкөлдүк даража наамы болгон. Ооба, кыргызда адам болуунун башкы чеги айкөлдүк.

Ушул күндө, адамдар айкөл десе, берешен, жоомарт адам катары түшүнөт. Жок, айкөлдүк иралды – ошол эле, жогоруда атаган адам болуу наамдардын сегизин басып өткөн, ошонун эң кылда учундагы, бул кечиримдүүлүк, айттырбай түшүнүүчүлүк, көрбөй туруп тиктеп тургандай туя билүү, уга билүү, көрө билүү, айттырбай жакшылык жасоо. Айкөлдүк улуу касиет, уңгулуу түшүнүк.

– Совет доорунда ырчыларыбыз “Алдейлеп турса кең мекен, Айчүрөк болуш эмне экен?” деп ырдашты го.

– Эми ал бир ыр го? Бирок Айчүрөк болуу, Каныкей болуу ар бир эле аялзатынын пешенесине жазылган эмес. Каныкейге чейин Манаста олжо катын, күң катындар болгон. Кайып даңды жеңип, кызы Карабөрк сайыш мелдешинде жеңилип, анын өз каалоосу боюнча күң катын болуптур. Шоорук жеңилгенде, ордо кыздары олжого түшкөн, биринчи олжо катары Шоорук хандын кызын Манаска олжо катын катары берген. Бирок Карабөрк да, Акылай да катын эсебинде боло алган эмес, себеби, күң жана олжо катындарды кыргыз салтында чыныгы катын алуу эрежесине, каадасына толтурган эмес. Ошого. Алар Айкөлдүн чыныгы катыны боло алышпаган. Кеп мына ушунда.

“Манаста” Карабөрк “казандын тегерегинен чыкпаган, коломто десе ыктаган, кара дуңгул мээнеткеч, ашканадан чыкпаган, асылзаттыгы азыраак, акыл-ою пасыраак, кыйыткан сөздү билбеген, кул-күңүн кууп тилдеген, башын жерден албаган үтүрөң тентек катын болот. Жүрө берсин, бирок эл баштаган эрге тете келбес», – деп
сүрөттөлсө,

Шооруктун кызы Акылай,
Шоодураган капырай,
Короз моюн, аппак бет,
Койкоңдогон кара бет.
Карагат көздүү, кардай эт,
Какшаңдаган кара бет.

……………………………………

«Каада билбес катының,
Кайдан келген каапырың.
Катыным бар деп ойлопсуң,
Канкорум Манас бойдоксуң» – деп, Алмамбеттин айтканы бар. Анткени алар “катын каадасы” боюнча алынбагандыктан: “Катыны бар деп жүрсөк, кадимкидей бойдок” эсептелген. Атайын айтса болот, Манас “көп аял алган” деген сөз салтты билбеген ушак катары угулат. Кыз каадасы боюнча алган, каадалуу катын Каныкей, ал Манаска катын болуу ажатынан гана жомокко оң кейипкер болуп кирбей, кадыресе, кыргыз ургаачыларынын үлгүсүн, уздугун атайлап айтуу максатында эпостон орун алган. “Манаста” Каныкей алтын кайчы жез оймок уздуктун, акылмандыктын үлгүсү, энелер өрнөгү болуп киргенин баса көрсөтүү керек. Ал айкөлгө татыктуу жар болду, кадыресе, Манастагы айкөлдүк касиетти ачты. Айкөлгө Семетейди төрөп, анын урпак, тукум уландысын улап берди. Эне үлгүсү баланы багып өстүрүп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай ошол даражага жеткирегени үлгү катары айтылды, айталы, Абыке, Көбөштөрдүн кастыгынан Каныкей төркүнүнө качууга, баласы Семетейди куткарып калууга жасаган аракеттеринен көрсөттү. Семетейди элге Манастын ордун баскан калыбында даярдады. Мында бир кызык, Каныкей баласын көтөрүп, жаман байтал менен төркүнгө көздөй качканда, эмнеге кайненеси Чыйырдыны кошо алып качат? Жол азабы (арийне кемпирди кээде көтөрөт) ага оор келбейби? Бул жоругу адамдарды чылк ойго салат. Каныкейдин өзгөчө ургаачы экенин анык көрсөтөт. Каныкей ургаачыда болгон улуу касиетти сактаган. “Манас” – ушундай адамдардагы улуулуктун топтом “китеби”.

– Демек, биз “Манас” дүйнөсүнө али терең сүңгүп кире элек турбайбызбы. “Манас” десе аны баатыр катары түшүнүп, Каныкей десе “Алдейлеп турса кең мекен, Айчүрөк болуш эмне экен” деп ырдап…

– “Манасты” билгенибиз бар, билбегенибиз бар. Аңдаганыбыз бар, аңдай элегибиз андан көп. Себеби, “Манас” – акыл сыры. Көбүнчө адамдар Манастын Жолой, Коңурбай менен сайышканына машыркап, ошого кызыгып, майда балдар уга турган жөө жомок катары кабыл алгандар бар. А “Манастан” чоңдор алчу сабак, акыл таптакыр башка.

“Манас” улам кийинки муунга үлгү боло турган, жашоонун, улут катары бар болуунун эки идеясын көтөргөнүн кайталай айтып туруунун зарылчылдыгы абдан керек. Эгер Манасты баатырлыкты даңазалаган жомок деп гана карасак, кыргызда баатырдык даңазалаган жөө жомоктор, кенже эпостор абдан көп. Карач баатыр дегени ажыдаар менен кармашкан. Айта берсе баатырлар толтура. Бирок алардын бирөө да “Манас” көтөргөн эл болуу идеясын көтөрө албайт. Баса белгилейли, “Манастын” кылымдан бери элине берген акылы, ал – биримдик жана ынтымактык. Муну мен миң кайталап айткандан тажабайм. Биримдик жана ынтымактык – элдин эл болмогунун, улуттун улут болмогунун, мамлекеттин мамлекет болмогунун башкы шарты. Мунсуз эл ыдырап кетет. Эски кийимдин тигишиндей сөгүлүп кетет.

Биримдик – Манас чачылган элди чогулткан. Ата мекен түптөп, бир жерге ээлик кылып, анан азган-тозгон элди бириктирген. Манас төрөлөрдүн алдында башкаларга көз каранды болуп, чачылган элди жыйнап, элдин башын кошкон. Манастын Манас болуу касиети  –  мына ошондо. Эгер Манас болбогондо, тараган, тозгон эл капкачан эле башка элдерге сиңип жок болуп кетмек.

Биримдик дегенде, бут кое турган жердин биримдиги, ата мекен биримдигин, кийим бирдиктүүлүгү, каада-салт, нарк карашы, тил биримдигин, тамак аш биримдиги ж.б. болгон.  Мунун баары бир элди башка элден айырмалап турган нерселер эле. Калпакты эле алалы, мурда кыргыз кара калпак кийген экен. Ак калпактын тарыхы Каныкей энеден башталат. Калпак – Ала Тоо, ак боз үй, ак элечек менен символдоштурулган. Кийим биримдиги, кийим символу да өтө терең, өзгөчө маанилүү. Адам адамды оболу кийген кийиминен тааныйт. Айырмалайт. Кыргызда тоо философиясы болгон. Бул адам менен табияттын биримдиги. Кыргыз улуу тоолордон өзүнө көп нерсени алган. Салабаттык, кебелбестик, туруктуулук мүнөз бизге тоодон өткөн. Элибиз жоо келсе, качпайт, кебелбес кайрат менен майтарат. Башына канчалык кыйынчылык түшсө да солк эткен эмес. Унчукпай, ичинен күңгүрөнүп көтөргөн, тоо сыяктуу.

Калпак баш кийим гана эмес, анда мазмун, чен (даража) мазмундары болгон. Андан ар бир адамдын бедели, мартабасы, даражасы көрүнөт. Ажо жыгалуу калпак кийген. Мейли эркек болобу, мейли ургаачы болобу, карап туруп баш кийиминен анын ким экенин билген маданият калыптанган. “Сиз ким болосуз?” деп сураган эмес. Сырт кийи-
минен тааныган. Кийим маданияты кайталангыс – чоң маданият.

“Манаста” кыргыз тамак-аш маданияты да бирдиктүү болуу даражасына жеткен. Суусундуктарыбызды эле алалы. Бул жүз жылдап калыптанган, бүгүнкүгө келип жеткен. Кымызды, сүттү, айранды кыргыздар ак деп коюшат. Байкадыңызбы, кыргыздар ак калпак кийген, ак элечек оронгон, ак ичкен. Бул жышааналуу нерсе.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар