whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКамчыбек Ташиев Ысык-Көл жээгиндеги ички жолдорду оңдоп-түзөөнү тапшырды

Камчыбек Ташиев Ысык-Көл жээгиндеги ички жолдорду оңдоп-түзөөнү тапшырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев
21-июнда Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлардын инфраструктуралык абалы боюнча жыйын өткөрдү.

Маалыматка ылайык, ага Ысык-Көл районундагы жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары, эс алуучу жайлардын жетекчилери жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Жыйында Камчыбек Ташиев эс алуучу жайларга барган жолдордун абалы начар экенин жана тротуарлардын жоктугун белгиледи.

“Чолпон-Ата шаарында эң жогорку кызмат көрсөтүүчү алдыңкы эс алуучу жайлар жайгашкан. Алардын короосунун ичине кирсең жаркырап турат, бирок сырткы жагында жолдор талкаланган, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор жок, жашылдандыруу иштери өтө начар,каралбай калган. Жылына он миңдеген адамдар келип эс алып кетишет. Канчалаган акча иштеп жатасыңар, ошонун аз эле бөлүгүн эс алуучу жайга алып баруучу жолдорду оңдоого, көчөлөрдү жарыктандырууга, көрктөндүрүү иштерине жумшап коюуга жараган жоксуңар”, — деди УКМК төрагасы.

Анын айтымында, ишкерлер туристтерден киреше көрүп жаткан соң, айлана-чөйрөнү жакшыртууга да салым кошууга тийиш.

Камчыбек Ташиев сентябрдын аягына чейин Ысык-Көл районундагы эс алуучу жайларга баруучу жолдордун баарын оңдоп-түзөөнү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштерин толук бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникация министрлиги учурда Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы, түндүк жагынан Караколго барган жол жасалып жатканын билдирген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар