whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров "Мурас" мелдешинде "мыкты чабуулчу" деп табылды

Садыр Жапаров «Мурас» мелдешинде «мыкты чабуулчу» деп табылды

1-июнда Бишкекте өткөн «Мурас» аттуу салттуу футболдук мелдеш өз жыйынтыгына келди. Турнир 31-майда башталып, эки күнгө созулуп, ага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров өзү катышты.

Мамлекет башчысы мелдештин ачылышында сүйлөп, спортту ден соолуктун, ынтымактын жана узак жашоонун булагы катары белгилеп, бардык командаларга ийгилик каалады.

«Мурас» турниринин жыйынтыгында үчүнчү ирет жеңишке жетишкен «Ден соолук» командасы 1-орунду камсыздап, 400 миң сом байгеге ээ болду. 2-орунду ээлеген «Ыйман» командасы 300 миң сом алса, 3-орун «Президенттин командасына» таандык болуп, 200 миң сом менен сыйланды. 4-орунду алган «Коопсуздук» командасына 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Мелдеш учурунда мыкты оюнчулар үч атайын номинация боюнча сыйланды:

  • Мыкты чабуулчу — Садыр Жапаров (7 гол), ал өзүнө ыйгарылган 50 миң сом сыйлыгын «Ыйман» командасына тартуу кылды.

  • Мыкты дарбазачы — Султан Осмонбеков («Ыйман» командасы)

  • Мелдештин мыкты оюнчусу — Нурлан Турусбеков («Ден соолук» командасы)

Жеңүүчүлөргө жана номинация ээлерине кубоктор, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, иш-чара эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар