Башкы беткеСаясат жана коомКоомКүн ысып, кайрадан жаан жаайт. 9-июнга чейинки аба ырайы

Күн ысып, кайрадан жаан жаайт. 9-июнга чейинки аба ырайы

Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыдагы аптада Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бирок 7–8-июндан тарта өлкө боюнча жаан-чачын, айрым жерлерде күн күркүрөшү күтүлүүдө.

Бишкек:
Шаарда апта ичинде күн ачык болуп, абанын температурасы 36°Сге чейин көтөрүлөт. Жаан-чачын 7–8-июнь күндөрү гана болору божомолдонууда.

Ош:
Дүйшөмбүдө мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Андан кийинки күндөрү аба ырайы ачык болуп, ишембиде кайрадан бузулат деп күтүлүүдө.

Чүй жана Талас облустары:
Аймактарда, өзгөчө тоолуу райондордо, 7–8-июнда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Өрөөндөрдө аба ырайы негизинен туруктуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен:
Түштүк аймактарда дүйшөмбүдө жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган күндөрү күн ачык болот. 7–8-июнда көпчүлүк аймактарда кайрадан жаан жаашы күтүлүүдө.

Ысык-Көл жана Нарын:
Бул эки облуста жума жаан менен башталат. Тоолуу аймактарда 7-июнга чейин жаан-чачын болушу мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда болсо күн ачык болору айтылууда. Апта соңунда бул аймактарда дагы жаан жаашы ыктымал.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар