Башкы беткеРубрикаларАймактарЖалал-Абадда 20 миллион сомго спорт сарай курулат

Жалал-Абадда 20 миллион сомго спорт сарай курулат

Жалал-Абадда көп функционалдуу спорт сарайы курулат. Капиталдык курулуш департаменти аны тургузуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо үчүн тендер жарыялады. Тендер тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Долбоордун наркы 20 миллион сомго бааланууда. Сунуштарды берүү мөөнөтү 2025-жылдын  27-февралына чейин экендиги көрсөтүлгөн.

Спорт сарайында административдик имарат, 5 миң 200 орундук жана универсалдуу спорт аянтчасы болот. ФИФАнын талаптарына ылайык LED экрандар жана табло орнотулат. Ошондой эле олимпиадалык бассейн, чуркоо жолдору бар футбол аянтчасы, баскетбол жана теннис аянтчалары, экстремалдык спорт аянтчалары, воркаут зонасы болот. Комплексте ошондой эле унаа токтотуучу жай, таштанды таштоочу аянтча курулат. Суу менен камсыздоо үчүн кудук бургуланат, көчөлөр жарыктандырылат.

Долбоор Стабилдештирүү фондунан каржыланат. Ал эми долбоордук документтерди иштеп чыгуу — бул аймактагы заманбап спорт комплексин куруунун биринчи этабы.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар