Башкы беткеСаясат жана коомКоомКочкордун төр жагында, асманында, Ээ, тууган болдуң бекен Кашка-Сууда...

Кочкордун төр жагында, асманында, Ээ, тууган болдуң бекен Кашка-Сууда…

Жааган кар апта жатпаган…

Мал киндиктүү Нарын облусу кар жатпас кара Кочкордон башталат. Кар жатпаганы райондун төр жагындагы Сөөк, Караколдун кыш күндөрү түнөргөн булуттарды түнөтпөй айдап турчу, чыны менен сөөктөн өткөн шамалы болсо керек. Элде муну Кочкордун кара шамалы деп коюшат. Кызык жери кышында кар жатпаганы менен Кочкордун өзүнө мүнөздүү касиеттери бар. Жайы жаанчыл келип, Баба-Ата, Каракол, Тескей Ала-Тоодогу Майкулак, Кара чоку, Чойбек чокуларынан көтөрүлүп чыккан томуктай булут, бир заматта калың жаанга айланып, өрөөндөн жаан үзүлбөйт. Ошондон уламбы жайкысын ташка да чөп чыккан, малга жайлуу, эли берекелүү куттуу жер – Кара Кочкор.

Жамгыры көзүң ачпаган,
Жааган кар апта жатпаган…
Төр бетин бербей жайылып.
Төрт түлүк малы батпаган.
Өзгө жер сага окшобойт,
Өрөпкүп жүрөк мактанам.

Ооба, туулган жери, өсүп-өнгөн эли менен ким гана  сыймыктанбайт, мактаныч кылбайт. Бул тоголок жердин кайсы бурчунда жүрбөйлү дайыма сагындырып өзүнө тартып турган, балким башкаларга байкалбаганы менен сулуулугу суктандырып, көркөмүнө көзүң тойбогон, баарыбыздын кичи мекенибиз бар эмеспи.

Ар ташы алтын асыл жер,
Арбалтып көңүл козгодуң.
Тоосунан куту төгүлгөн,
Тогуз жол тоому Кочкорум.

Айылым жашылга бөлөнүп калыптыр

Менин айылым “Дөң Алыш” (“Талаа-Булак” деп да коебуз) Кочкордун күн батышында, райондун борборунан 60 чакырым алыста турат. Көптөн бери бара элек элем, бак-шактуу, туш тарапка канат жайган, көзгө толумдуу айылга айланганы көңүлүмдү көтөрдү. Айта кетүүчү нерсе айылыбыз деңиз деңгээлинен 2400 бийиктикте, тоо этектей жайгашкандыктан, дале болсо бак-дарактан кемчил жагыбыз бар. Ушул жагынан алганда алдыңкы муун айылыбызга талдан башка эч нерсе өспөйт деген ойдо жүрсөк керек, эки жактан бак-дарактын түрлөрүн алып келип өстүрүп көрүү деле оюбузга келбептир.

Бак-шак өстүрүү жөнүндө сөз болгондо, айылыбыздын тургундары, айрыкча жаштары эски муунга караганда бир кыйла жаңычыл, аракетчил, демилгелүү экендиги кубандырды. Көрсө, көк тал түгүл, кадимки эле терек, башка дагы дарактын, жемиш дарактарынын түрлөрү өсөт экен. Атүгүл алма, өрүк өстүргөндөр бар дешти. Терек демекчи, бала чагымда бизден төмөнкү айылдарда асман тиреп өсүп турганын көзүм чалчу. Эмнегедир айылыбызда терек өстүргөн киши жок болчу. Кийин журналисттик кесибиме ылайык, Кыргызстандын жети облусунун булуң-бурчунда болгонумда, бак-шактуу, айрыкча теректери кучак жеткис айылдарды көргөнүмдө, кадимкидей ичим тызылдап “биздин айылда талдан башка эч нерсе өспөйт” деп, арман кылар элем. Болгону өстүрбөй, бак-даракка көңүл бурбай жүргөн экенбиз. Азыр аркы тоодон караганда асман чапчыган теректер, дүпүйө өскөн талдар, түрдүү бадалдар айылыбыздын көркүн ачып, шаңын арттырып, көзгө сонун көрүнөт.

Көкөбай агайдын мурасы

Айылыбызды жашылдандыруунун башатында Социалисттик Эмгектин Баатыры Көкөбай Мамбеталиев агайыбыз турганын айта кетишим керек. Анда 60-жылдардын аягы болчу. “Дөң-Алыш” айылына, Орток тоонун этегиндеги, жери бышыкчылыктуу, өздөрүн “жети урук” деп койчу Талаа-Булак айылын, дагы чачыранды түшкөн айылдыктарды көчүрүп келип кошуп, азыркы пландуу салынган айылыбыз түптөлгөн. Жаңы үйлөр түшүп, жаңы арыктар салынганы менен айылыбызда Көкөбай агайдын, анан республикага таанымал мүнүшкөр Бешкүрөң Алыбаев аксакалдын гана үйүндө калың тал өсүп турчу. Башка бак-шак жок эле. Көкөбай агай биологиядан сабак берчү. 5-6-класста окусак керек эле. Бир күнү жаз алдында талдын бир кичинекей бутагын алып келип, анын бүчүр алып калган жеринен макиси менен кыйгач кесип бөтөлкөгө суу куйдуруп терезеге койдуруп койду. Бир аз күндөн кийин ал бутак кадимкидей тамырлады. Көкөбай агай аны “калемче” дей турганын, бак ушул калемчеден тамыр алып өсөөрүн айтып, баарыбызды кызыктырып салды. Кийинки күнү багынан бир колтук бутак алып келиптир. Аны өз колу менен калемчелеп, баарыбызга бештен, ондон карматып, сыртка чыгып кантип отургузушту үйрөтүп, “эми барып үйүңөрдүн тушундагы арыкка тигип койгула, ойноп ыргытып жибербегиле, барып текшерем деп” катуу тапшырма берди. Баарыбыз агай айткандай жасадык. Арадан 2-3-жыл өтүп өтпөй баягы сайган талдарыбыз өсүп чыгып, кадимкидей көзгө көрүнүп калган. Ошону менен тоо этегиндеги шамалы ыркыраган, жылаңач жаткан бир айылды, азыркыдай “жашылдандырып атабыз, мынча каражат жумшадык” деп керней-сурнай тартпай, бир сом чыгымдабай, мектеп окуучуларынын күчү менен Көкөбай Мамбеталиев агайыбыз жашылдандырып койгон. Айылыбызда талдын калыңдыгы ошондон.

Ушуну айылымдын жаш муундарына айта кетүүнү бир жагынан милдетим деп сезем. Экинчи жагынан учурда өлкөбүздө Президенттин “Жашыл мурас” саясаты жүрүп жатат. Буга байланыштуу айлана-чөйрөнү, аймактарды жашылдандыруудагы Көкөбай Мамбеталиев агайыбыздын тажрыйбасы тууралуу  “Кыргыз Туусу” гезитине, көп эле жазып келем. Ток этерин айтканда, мектеп окуучуларын жашылдандырууга тартуу, аны уюштуруу менен Кыргызстандын бардык булуң-бурчун гүлдөтүп койгонго толук мүмкүнчүлүк бар.

Эми, айылым тууралуу бүгүнкү күндү айтсам, заманга жараша айылыбыздын эли да изденип, көрктүү тамдарды салып, жакшы жашоого умтулуп, малдын асылын багууга аракеттенип, түрдүү дарактарды, түркүн гүлдөрдү өстүрүп жатканы жүрөк сүйүнттү.

Кызыгы, кезегинде “айылымды сагындым” сыяктуу ырларды окуп калсам, ушу Бишкекте жатып алып, карыш турган айылына жетпей “сагыныч” ырларын жаза берген кантип болсун деген ойдо, кээ бир акындарга тийиштик кылып жазган ырым бар эле. Эсте калганын келтирейин:

Айдалып кеткен немедей,
Айылына жылдап барбаган.
Анан Айдан салам айткансып,
Алыстан ырын арнаган,
Айрым акындарга таңгалам.

АКШда жүргөн жериң жок,
Адамдын баарын кейитип,
Арманың айтып сабылба.
Аттанып чыксаң жетесиң,
Айылга баргын, айылга.
Жакшылык, жамандыктарда,
Жанында болгун, жанында.

Кашайганда бул саптарым кайра айланып келип өз башыма муш болуп тийээрин учурунда билген эмес экемин. Анткени, “атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” демекчи, күнүмдүк турмушта өз тирлигиң менен алек болуп жүрүп, айыл-апага анчалык деле каттай албай калат экенсиң. Муну айтып жатканым өзүм айылга каттабаганыма көп болуптур. Анан туулуп өскөн айылын, балалыктын издери калган өсүп-өнгөн жерин, ким сагынбайт, ким көргүсү келбейт. Айрыкча акын журту сезимтал келет эмеспи, жанагы “сагындым туулган айылымды” сыяктуу саптардын төркүнү ушул жакта жаткан турбайбы.

Балалыгым калды эле Кашка-Сууда…

Жер шартына жараша, айыл элинин негизги тиричилиги төрт түлүк малга байланышкан. Үлүш жерлерине тоют өсүмдүктөрүн: арпа, эспарцет, көк беде ж.б. айдашып кышкыга камдап алышат. Буудай бышпайт, жемге негизинен арпа айдашат. Баса, “Дөң-Алыш” менен “Комсомол” айылынын ортосундагы Канаттын дөбөсүнүн тушунда, качаңкы бир кездерде салынган туура арык бар. Ошонун алдына буудай бышат, үстүнө бышпайт дешет. Ошондо аралыгы арыкты кошо алганда эки-үч метр болоор көп болсо. Бир метр ары же бери жерге минтип буудай бышпаган табияттын табышмагына таңгалбай койбойсуң.

Фермер Борканын «ашкана» автобусу

Дыйканчылык жагынан айтпаган менен, айыл элинин башкы таянычы мал чарбачылыгы, малын баккан жайлоолор. “Каракол” кырка тоосунун тескейи, күңгөй Ала-Тоонун айыл жактагы беттери биздин элдин эзелтен берки жайкы жайыттары. Ал эми айтылуу Сарала-Саз, Ак-Бел жайлоолорун кийинки жылдары Шамшы айыл өкмөтүнүн малчылары менен биргелешип жайлап келишет.

Менин балалык күндөрүм ушул Сарала-Саздын Кашка-Суу, Айтеке, Бектен жайлоолорунда өттү. Айылга барган күнү эле жайлоого ашыктым. Агам Жумабектин уулу Кубан Кашка-Сууга чыгат дайыма. Ошол инимдикине бардым. Эми чынымды айтсам, көрүп жүргөн жерлердин ар бир ташын, атургай сазын да сагынат экен киши. Саздын да ным жыттанган, түрдүү гүлдөр өскөн, жапайы аары, түркүн көпөлөктөр учуп конуп жүргөн, чемирчек, жөргөмүшү жайнаган, чөбү мал канча оттосо дагы түбүнөн жаңырып чыга берген касиети бар. Чемирчек демекчи, бала кезде көргөнүмдөй, жеп жүргөнүмдөй  чоңдугу табактай келген чемирчектерди көрө албай койдум. Саздагысы деле, төрдөгүсү деле баары эле майда. Бул дагы табияттын өзгөрүп баратканы болсо керек. Айтмакчы, жөргөмүштү дегеле көрө албадым. Аны колго сыдырып чогултуп алып, айранга аралаштырып ичер элек. Анын жанында жанагы “йогурт” деген шоона эшпей калат.

Ийри суунун чемирчек,
Алма ордуна жечү элек.
Алымсынып калчу элек,
Анда санда кемирсек.
Кош аман бол сен дагы,
Ташка бир чыккан эңгилчек, – деген саптар айтылат айылыбызда.

Бул жайлоону тегин жеринен жалпысынан Сарала-Саз дебейт. Саздуу жерлери арбын. Тээ бала чакта ушул Сарала-Саздын Тармал сазында отурганыбызда бир төө сазга тыгылып калып, эки-үч күндөй жүрөктү түшүрүп бакырып жатканы, анан көп киши келип аркан менен тартып чыгарышканы эсимде. Негизи Сарала-Саз кыргыздын атактуу чоң жайлоолорунун бири. Кезегинде бул жайлоодо чоң аштар өткөнү аңыз болуп айтылып келет. Кыпкызыл бетегеси Арпа жайлоосундай тегиз эмес, аралча сыяктуу өскөндүктөн алыстан караганда сарала болуп көрүнөт. Сарала-Саз деп аталып калышы да ушундан болсо керек.

Сарала-Саз жайлоосу Майкулактын чокусу, Кара-Чоку, Чойбектин чокусу сыяктуу көк мелжиген чокулардын, бийиктиги алардан кем калышпаган Кызыл-Омпол (Үч-Кызыл” деп дагы коюшат) тоосунун этеги. (Бул чокулар бийиктиги боюнча 4 миңдиктерге кирет) Кашка-Суу жайлоосунун суусу ушул Кызыл-Омполдун оң тарабындагы капчыгайдан агып түшөт. Мурда көрө элек элем ат минип алып, атайы барып көрдүм. Капчыгайдын башы куш учуп өтө алгыс аска-зоолор менен курчалган. Сыягы аркар-кулжанын, эчки-текенин мекени окшойт. Ал эми коктусунда аппак мөңгү уюп жатат. Кашка-Суу ушул мөңгүдөн сызылып түшөт. Сарала-Саз жайлоосуна жан киргизип турган ушул Кашка-Суу. Ылдыйлап барганда шарынан коктунун ичи жаңырып турган бул кыйла эле чоң суу капталдай салынган арыктар менен төмөнтөн жогору аккансып, кыр-кырларга чыгып, андан ары жайлоодогу конуштарга бөлүнүп кетет. Жайлоого чыккандар ушул суудан ичип, тоо этектерин ушу суу менен сугарып турушат.

Балалыгым ушул Кашка-Сууда, анын өрөөндү жаңыртып аккан суусунун жээгиндеги эңилчек баскан таштарында калды окшойт.

Кочкордун төр жагында, асманында,
Ээ, тууган болдуң бекен Кашка-Сууда.
Жайлоо ал, жабыкканың эстен чыгат,
Жарышкан суусун бойлоп басканыңда.

Басындым барбай жүргөн айыбыма,
Батпадым эргүүм ташып жайыгына.
Көралбай кыйла мезгил көзүм каткан,
Көр турмуш салып кетип кайыгына.

Бала кезде көп ойногон таштарымды,
Бакыр башым жаңылбай таппадымбы.
Курбуларды көргөндөй сагынышкан,
Кучактап улам бирин жатпадымбы.

Чейрек кылым болуптур кеткениме,
Чегилген сөз толуптур беттерине.
Баягы эле ордундагы ташты көрүп,
Барып келдим балалык кездериме.

Ал таштарга улактай чыгар элем,
Ар тарапка көз салып турар элем.
Бууруккан Майкулактын чокусуна,
Буулугуп караганга кумар элем.

Таштарым үн чыгарбайт сөздөрү жок,
Таштыгынан жүрөгүмдү сезгени жок.
Агып жашым, айланып көпкө турдум,
Ата-энемдин журту турат, өздөрү жок.

Кашка-Суунун жээгин жайлап алып,
Кара бээсин жалгыз эле байлап алып.
Каралдым атам-энем жүрүүчү эле,
Жандыгын анча-мынча айдап алып.

Табылчудай алардын изин издеп,
Табылгынын чогундай ичим түтөп.
Эңшерилип капталым толбой турду,
Эч кайрылбас андагы күндү күсөп.

Кайрылбас балалыктын учканын айт,
Какшаткан Кашка-Суунун муздагын айт.
Табалбай бир кездеги жоготконду,
Таштай катып маанайдын түшкөнүн айт.

Келбеген күндөрүмө катуу сынып,
Кейип турсам өзүмө ичтен сызып.
Ээрчий келген неберем күлүп турат,
Эртеги мен ойногон ташка чыгып.

Таап алгандай балалык күндөрүмдү,
Ташты жара каткырып күлбөдүмбү.
Кашка-Суудай кайрылбай аккан өмүр,
Калаарын балдарыңда билбедимби.

Кочкордун төр жагында, асманында,
Ээ, тууган болдуң бекен Кашка-Сууда.
Барсаңар балким ала келээрсиңер,
Балалыгым калды эле таштарында.

Жайлоонун шарапаты

Кашка-Сууга жеткендин эртеси эле, жер сагынган жаным улам бир кырга чыгып отуруп, Кубан инимдин үйүнөн абдан алыстап кетиптирмин. Эң таңгалычтуусу демейде, муундарым ооруп баса албай калчу элем, байкап көрсөм деле чым этип коёр түрү жок. Кудай жалгасын деп, таштарга жазылган түрдүү жазууларды окуп (байыркы эмес, ашып кетсе кийинки эле 100 жылдыктагы ар ким өздөрүнүн ысымдарын ташка чегип жазгандар), улам бир ташка барып, канчадан бери көрбөгөн чакчыгайды, сары айгыр чымчыгын, аңкуштаган суурларды эрмектеп жүрүп отуруп, Ак-белдин аркы бетиндеги Чоң-Кашка-Сууга, Майкулактын чокусунун күн батыш этегине чейин кетип калыптырмын. Ак-Белде кичирээк келген үч көл бар. Бирин “Сормо көл” деп коюшат. Мен барганда “Сормо көлдө” бир топ аңырлар сүзүп жүрүптүр.

“Ак-Белдин бетегесинен жаткан кулун көрүнчү эмес”,- дечү эле атам. Союз маалында ак койдун көптүгүнөн Ак-Белдин чаң учуп калганын көргөмүн. Жайлоодон чаң учса адамдын куту качат деген чын белем, бир топко жаман болуп жүргөнүм бар. Ал эми атам айткан “жаткан кулун көрүнбөгөн бетегени” элестете да алчу эмесмин. Кийин Сырттын Ак-Шыйрагына барганда кулун түгүл топоз көрүнбөгөн бетегени көрүп оозумду ачып калгам. Азыр Ак-Бел андагыдан түзүктөй көрүндү, бирок мал көп. Бетегеси, сөөмдөн ашпайт, бирок тыкыс, көлдөлөңдөй жумшак. Кыйла отурдум эки жакты карап. Ошентип ал күнү, чарчап, күнгө күйүп, инимдин үйүнө эптеп жеттим окшойт. Негизгиси, муун оорум кармап калбай, жер көрүп көңүлдүү кайттым. Бул да болсо жайлоонун, кымыздын шарапаты болсо керек.

Боз керик

Эртеси Кубан иним “жер көрөм, жайлоо кыдырам десеңиз, жөө баспай ат минип алыңыз” деп боз атын токуп берди. Өздөрү “Көк серек” деп койчу, бели бекем, өйдө ылдыйга бирдей жүргөн, бир калыбынан жазбаган бакыбат ат экен. Көк-Серекти жай бастырып, ооздугун чыгарып оюна коюп, киши өзү жеп жиберчүдөй кызыктырган төрлөрдөгү бетегеси калың, көбүргөндүү жер көрсөм аттан түшүп, кыйлага чалдырып, жер көргөнүмдөн дагы Көк-Серекти дүйүм чөптөргө тойгузганыма кубанып жүрүп отурдум. Баарынан да чылбырын сүйрөлтүп бош койсоң, кыйла жерге чейин оттоп барып, анан “кетелиби дегенсип” кайра жаныңа келип туруп калганы жакты. Мен Көк-Серек атын өзгөртүп, өзүмчө Боз керик деп атап алдым. Анткени, жаак эти калың, бою кичине болгону менен кериктей күчтүү, буттары чымыр, бели бекем, кыргыздын нукура мингич аты экен. Кечинде үйгө келээрим менен Боз керикти дагы бир жакка минип кетишти. Атка урунду болуп калсам керек, эртеси шашпай турсам, Боз керик “мени минбейсиңерби” дегенсип, курсагын кампайтып келип, эшиктин алдына туруп калыптыр. Кечээ күнү чөптүн бүрү түшкөн топуракты жалмалап жеп атканын байкадым эле, жетелеп барып кой короонун ортосундагы Кочкордун кара тузуна коюп койдум. Артынан улунуп-жулунуп кашка кунан кошо кирди. Экөө көпкө чейин туз жалмалашып, бир маалда туруп калганда, чыгарып коюп, ойго алдырдым.

Аты бар үчүн кыргызым,
Доорлорду карытты,
Кылымдарды тепседи.
Бактысы эмей эмине,
Ушул күнгө жеткени…деп турдум ичимен. “Аттай арка, тоодой медер” дейт элибиз. Кыргызды ушул күнгө жеткирген алдыбыздагы атыбыз, аркабыздагы Ала-Тообуз болгон.

Каймак, кымыз, кара жүн…

Малчылык бул кесип, болгондо да кыргыздын ата кесиби. Малды дагы анын сырын билген, ысык-суугуна күйгөн адам багат. Анан барып үзүрүн көрөт. Баары эле мал багуунун түйшүгүнө чыдай бербейт. Жайлоого чыккан айылдаштарым, заманга жараша турмуш-тиричиликтерин бир топ эле жакшыртып алышыптыр. Ар биринде күн энергиясы батареясы бар. Кол телефондорун ошону менен заряддап, сүттөрүн да тартып алышат экен. Атургай кубаттуу күн энергиясы батареясы менен кой кыркса да болорун айтышты. Ал эми кымыз, каймак, сары май, чөбөгө, сүзмөлөрүн, күн алыс келишип алып кетишет экен. Айталы, учурда ортомчулар кымыздын литрин 60 сомдон алышат. Ал баа дагы рынокко жараша өзгөрүп турат окшойт.

Ушул жерден көптөн бери көкүрөктө жүргөн нерсени айта кетким келип турат. Айрымдар, “акты сатпайт” деп, кымыздын сатылышын жактырбагандай  сөз кылып калышат. Азыр рынок заманы дегенди, мындай жылдырып коюп айтканда, ошол кымыздын канча түйшүк менен жасаларын биле жүрүшүбүз керек. Таңкы төрттө туруп жылкы айдап келмей, туйлаган азоо кулундарды бутуңду тебелетип байламай (кулундун туягы курч болот, басып алса сөөгүңө жетет), эки саат сайын бээ саамай, кымызды тындырбай бышып турмай, сабаны, челекти бат-бат ыштамай, айтор, биз тамшанып ичкен кымыз чоң түйшүктөр, карандай мээнет менен жасалат. Ал эми мээнет акталышы керекпи? Керек! Экинчи жагынан малчылар: эт, сүт, каймак, май, кымыз өндүрүүчүлөр. Башкача айтканда –бул үй-бүлөлүк өндүрүш, болгондо элибиздин берекесин арттырып турган өндүрүш.

Дагы бир байкаганым, кыргыздын “кайрылып кымыз ич” деген салты али да болсо күчүндө. “Айтеке” жайлоосунда Бугучулук туугандардын бир боз үйү бар экен, бир жигит, кичинекей балдар чыга калганынан баш ийкеп учурашып коюп, өтүп кеткем. Бир маалда артыман кыйкырып калышты. Баягы жигит, чакага куйган кымызын көтөрүп, энтеңдеп чуркап келе жатат. “Үйдө киши жок эле, тиги кичинекей балдар менен калгам, сизди кайрылып кымыз ич дебей калыптырмын” деп турат. Үйгө түшпөй түз өтүп кеткениме өзүм да уялып, ат үстүнөн эки чыны кымыз ичип жолумду уладым.

Эми кара койдун жүнү тууралуу кыскача кеп кылайын. Бул жүндү бүгүнкү күндө эч ким албай калыптыр. Ар бир короонун тушунда өрттөлүп жатат. Кара жүндөн кыргыз кара кийиздерди, ак жүн кошуп оймо түшүрүп ала кийиздерди жасачу эле. Азыр эл кийиз жасабай калганбы же экологиялык жактан таза, бышык, кара кийиз такыр эле колдонуудан чыгып калганбы, айтор кара жүндүн багы ачылчу түрү жок. Россияда кара жүндөн чокой жасаган, дагы башка максаттарда колдонуучу кийиздерди чыгарган килейген заводдор бар. Италияда атайы кара жүндөн пиджактарды жасашат. Кандай болгондо да мамлекеттик масштабда кара жүндү колдонуунун жолун таппасак болбойт. Канча каражат бөөдөдө талаада өрттөнүп, экологияны бузуп жатканы өкүндүрөт.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар