Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыСаякат үчүн баласын садага чаап

Саякат үчүн баласын садага чаап

 Барселонанын Эль-Прат эл аралык аэропортуна келишкен туристтердин баласынын документинин мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган.

Кызыгы, бул жагдай ата-энелердин эс алуу сапарын токтото алган эмес. Алар баласын кайра кайтып келгиче аэропортто күтүп турууга макул кылышып, өздөрү эс алуу үчүн учуп кетишкен. Мектеп окуучусун аэропорттун кызматкерлери байкап калышып, полиция-га кабарлашкан. “Ата-энем жакында кайра учуп келет” деген баланын “саякатчы” ата-энелерин полиция таап, артка кайтарышкан. Жакында эле Россиянын бир самолётунда аял баласын орундукка унутуп кетип калганы боюнча маалымат чыккан. Деги адам баласы эмне болуп баратат?

Мелис СОВЕТ уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар