Башкы беткеИлимий изилдөөАшыкча салмак эс тутумдун азайышын пайда кылат

Ашыкча салмак эс тутумдун азайышын пайда кылат

Деменция (эс тутумдун жоголушу) дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоонун олуттуу көйгөйүнө айланып баратат. Учурда бул ооруну толук айыктыра турган дарылоо ыкмасы жок. Жаңы илимий изилдөөлөр ашыкча салмак, өзгөчө генетикалык жактан жогору дене салмагынын индекси (ДСИ), кан тамырлык деменциянын өнүгүү коркунучун олуттуу көбөйтөрүн көрсөттү.

Кан тамырлык деменция — Альцгеймер оорусунан кийин эң кеңири таралган деменциянын экинчи түрү. Бул оору мээге кан жетишсиз баргандыктан пайда болуп, нерв клеткаларынын жабыркашына алып келет.

Улуу Британия жана Даниянын окумуштуулары 500 миңден ашуун адамдын маалыматтарын талдап чыгып, жогорку ДСИ түздөн-түз кан тамырлык деменциянын коркунучун жогорулатарын аныкташкан. Буга чейин ашыкча салмак деменция менен байланыштуу экени белгилүү болгону менен, анын түз себеп экени так аныкталган эмес эле.

Изилдөөчүлөр “менделдик рандомизация” деп аталган ыкманы колдонуп, генетикалык жактан жогорку ДСИге жакын адамдарды салыштырган. Натыйжада, тубаса жогору салмакка ыктаган адамдарда кан тамырлык деменцияга кабылуу коркунучу кыйла жогору экени аныкталган.

Изилдөөнүн автору, Копенгаген университетинин профессору жана университеттик оорукананын башкы дарыгери Рут Фрикке-Шмидт мындай деп белгиледи:
«Ашыкча салмак жана жогорку кан басым жөн гана коңгуроо эмес, деменциянын түздөн-түз себептери болуп саналат».

Окумуштуулар ашыкча салмак деменциянын коркунучун эмне үчүн жогорулатарын да аныкташкан. Негизги факторлордун бири — жогорку артериялык кан басым экени белгилүү болгон.

Адистердин айтымында, дене салмагын нормалдуу деңгээлде кармоо жана кан басымды көзөмөлдөө — деменциянын алдын алуунун маанилүү чаралары болуп саналат. Бул өзгөчө улгайган куракта мээнин саламаттыгын сактоого жардам берет.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар