Манас шаарында юстиция үйү ачылды

0
1012

Бүгүн Манас шаарында заманбап талаптарга жооп берген Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Үч кабаттуу жаңы имарат жарандарга укуктук кызматтарды ыңгайлуу, ыкчам жана сапаттуу көрсөтүү максатында курулду. Буга чейин эски мамлекеттик нотариалдык кеңсе ошол жерде жайгашып, кызмат көрсөтүү чектелген шартта жүргүзүлүп келген.

Жаңы имаратта мамлекеттик нотариустар, юридикалык жактарды каттоо бөлүмү жана юридикалык жардам көрсөтүү кызматтары жайгаштырылган. Мындан тышкары, энелер жана балдар бөлмөсү, видеокөзөмөл системасы, өрт коопсуздугу системалары жана архивдик шарттар каралган, жарандар менен кызматкерлер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз