whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБалыкчы шаарынын мэри алмашты

Балыкчы шаарынын мэри алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Султан Кермалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Баатырбек Жантаев дайындалды.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүнө караганда, Жантаев — Балыкчынын жаңы дайындалган мэри Каныбек Туманбаевдин «шакирти» катары белгилүү.

«Мен аны көп жылдан бери чарба иштеринде бышкан, мыкты менежер катары тааныйм. Буга чейинки мэрдин кыска убакытта кызматтан алынышынан кийин, жаңы келген мэр элдин көңүлүн көбүрөөк бурат болуш керек. Адаттагыдай иликтеп, ар кандай маалыматтарды жазып, кимдир бирөөгө жабыштырып манипуляция кылгандар дагы чыкпай койбойт. Ошондуктан мен алдын ала эле айтып коеюн. Баатырбек Жантаев президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин шакирти. Уюштуруу жана чарба иштеринде өзү тарбиялап бышырган. Иш башкаруучу азыр кандай ыкчам иштеп жатса, Жантаев дагы андан кем калышпай иштей турган кадр. Тажрыйбасы мол, энергиясы ашып турган чагы. Аймактык саясатка дагы ылайык келет, Жантаев Өзгөн районунан болот», — деп жазды фейсбукка Орунбеков.

Маалыматтарга ылайык, Жантаев 32 жашта жана буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасында эмгектенген.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын негизинде кабыл алынган.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар