Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБашкы максат: билим берүүнүн мазмунун, окутуу методикасын өзгөртүү

Башкы максат: билим берүүнүн мазмунун, окутуу методикасын өзгөртүү

Кыргызпатенттин инновациялык борборунда “12 жылдык окуу системасына этап-этап менен өтүү – негизги багыт билим берүү системасын трансформациялоо” деп аталган пресс-конференция болуп өттү.

Анда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА 12 жылдык мектепке өтүүдө эң башкы максат билим берүүнүн мазмунун, окутуу методикасын өзгөртүү экенин, анын өзөгүндө мугалим турушу керектигин белгилеп, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн негизги себептеринин бири “өлкөдө билим берүү системасындагы абал начар экендиги” менен түшүндүрдү.

Билим берүү системасынын жетишкендиктерин баалоо боюнча изилдөөлөр Кыргызстандын жаштары дүйнөлүк эмгек рыногуна даяр эместигин көрсөткөн. PISA изилдөөлөрү боюнча 2005-жылы акыркы орунду алса, 2009-жылы 65 өлкөнүн ичинен 65чи орунду алган. Бир сөз менен айтканда биздин балдар эмгек рыногунун талаптарына жооп бербейт.

Министрдин айтымында 12 жылдык билим берүү системасы чиновниктердин же колунда барлардын балдары эле чет өлкөлүк ЖОЖдорго окушу үчүн керек эмес. Алар ансыз да балдарын 12 жылдык билим берүү системасы бар 12 жылдык жеке менчик мектептерден окутуп жатышат. Жеке менчик билим берүү мекемелери бизде жетиштүү. Бул система бардык балдар үчүн билим берүү системасын жакшыртуу жана мамлекеттин сапаттуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн керек.

Дагы бир орчундуу жагдай, 12 жылдык мектептик билим берүүнү киргизүүгө сырттан эч кандай каражат, грант алынган эмес. Бардык иштер Кыргызстандын өзүнүн мамлекеттик бюджетиндеги каражаттарга бүткөрүлүүдө. Анын ичинде жаңы муундагы окуу китептерге быйылкы жылы 744 миллион сом жумшалууда. Жаңы окуу жылына 2,5 млн. нуска окуу китеби даяр болот. 24 миң мугалим билим берүүнүн жаңы модели боюнча заманбап даярдыктан өткөн.

Эң башкысы, 12 жылдык билим берүүгө өтүү президенттин колдоосу менен ишке ашырылууда. Билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” программасы иштелип чыгып, Министрлер Кабинети тарабынан 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы бекитилген.

Бул документтин максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучуларда зарыл болгон заманбап көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо. 12 жылдык окууга өтүү – бизге абдан ийкемдүү, инклюзивдүү жана инновациялык билим берүү системасын түзүүгө мүмкүндүк бере турган стратегиялык маанилүү кадам.

Учурда, 12 жылдык билим берүүгө өтөбүз десе, дагы бир жыл кошулуп, балдарыбыз ашыкча бир жыл окуп калат турбайбы деп нааразы болгондор аз эмес. Чындыгында мектеп бүтүрүүчүсүнүн жаш курагы эч кандай өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. О-класс биринчи класс болот, мектепке балдар 6 жаштан тартып бара баштайт. Бизде буга чейин деле 12 жылдык билим берүү системасы болуп келген. Балдардын 98%ы мектепке чейинки даярдоо курстарынан окуп келишкен.

Маалымат үчүн:

12 жылдыкка өтүүнүн старттык этабы 2025-2026-окуу жылында башталып, 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат.

Мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшөт.

2025/2026-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.

2026/2027-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.

2027/2028-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2017-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2014-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт. 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2011-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.

Ошентип, окуу процесси 12 жылдык система боюнча жүрө баштайт. 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилет.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира САМЫКБАЕВАнын айтымында, быйыл мектептерге кабыл алууга каттоо жөнөкөйлөтүлгөн. Бул үчүн ата-эне мурдагыдай толгон-токой кагаз чогултуп убара болбойт. Санариптештирилген тармактар аркылуу документтер чогултулуп, ата-энелеринин катышуусу жок эле жалпы электрондук каттоо аркылуу ата-энеси жашаган аймактардагы мектептерге жайгаштырылат. Болгону, ата-энелер 2025-жылдын 1-июнуна чейин балдарынын мектепке кепилденген каттоолорун тастыктоо үчүн мектепке катталуу кызматын сунуштаган “Түндүк”, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы, МБанк, МойО!+Банк, MegaPay сыяктуу тиркемелердин бири аркылуу кирип, сунушталган мектепте кайсы тилде окууну каалай тургандыгын тандаса болот. “Жазылуу” дегенди басканда, “Кабыл алынды” деген маалымат чыкса, каттоо ийгиликтүү өткөнүн билдирет.

2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин өздөрүнүн микроучастогуна дал келбеген башка мектептеги бош орунга балдарын каттоого мүмкүнчүлүк
түзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида КАСЫМОВА 2024-2025-окуу жылында “Наристе”  мектепке даярдоо программасы боюнча окуп жаткан балдардын статистикасы боюнча маалымат берди.

Жалпы республика боюнча балдарды мектепке даярдоо “Наристе”  программасынын алкагында мектепке даярдалып жаткан балдардын саны – 122668.

Анын ичинде:

– Жалпы билим берүү уюмдарында 3438 класс – комплектиде – 78332 бала;

– мамлекеттик, муниципалдык жана ведомстволук мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 1082 тайпада 39359 бала;

– жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2610 бала;

– мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында 2367 бала “Наристе” программасы боюнча мектепке даярдалууда.

УСКнын маалыматы боюнча 2018-жылы төрөлгөн балдардын саны 171149.

Ал эми ушул окуу жылында 6 жаштагы 49212 бала, (2018-жылкы төрөлгөн балдар) жана 5,5 жаштагы 100 бала 1-класста окуп жатышат.

171149-122668-49212-100=831

831 бала мектепке даярдоого тартылган эмес.

Анын ичинде ата-энелери берүүнү каалабаган балдардын саны –  56;

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер, башка жакка көчүп кеткендер жана башка ар кандай себептер – 775.

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башчысы Рахат МУСАЕВАнын маалыматына караганда, учурда борбор калаанын 120 мектебинде 238 миң окуучу окуйт.
Быйылкы окуу жылында 24 840 бала 1-класска барышат. Эмки жылы 25 миң бала барат. Тизме дагы да такталып жатат. Быйыл биринчи жана экинчи класстарга барчу балдардын саны көп болуп, алардын баарын мектептерге сыйдырууга мүмкүн эмес болгондуктан, 1-класстын окуучуларын бала бакчанын имараттарынан окутуу маселеси каралып жатат. Балдар түшкө чейин окушат, түштөн кийин ата-энелердин каалоосу боюнча балдар бала бакчанын имараттарында кала берсе болот.

Мектептер жана бала бакчалардын имараттары муниципалдык болгондуктан, имараттар ижарага берилбейт жана ижарага алынбайт.

Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсү боюнча 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүдө 1-3-класстын окуучуларына баа коюлбайт. Дүйнөлүк практикада кездешкендей, баа койбоо системасы киргизилген. Ошондой эле баланы мамлекеттик муниципалдык мектепке кабыл алууда тестирлөөгө тыюу салынган.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Алмазбек Токтомаметовдун айтымында республика боюнча 12 жылдык билим берүүгө даярдоо курсунан 17 миңге жакын мугалим окутулган.

Улуттук жаңы муундагы окуу китептерде: эң башкысы сапат жана мазмун. Жаңы муундагы окуу китептер 2025-2028-жылдары толугу менен басылып бүтөт. Окуу китептер мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор, окуучулар үчүн жумушчу дептерлер менен коштолот.

Бул окуучуларга алган билимин турмушунда колдоно алуусуна өбөлгө болуп, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын өнүктүрөт, изденүүсүнө жол ачат.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

 

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар