Кыргызстанда ИДПнын өсүү темпи дүйнөлүк деңгээлде жогорку көрсөткүчкө жетти


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинде 2025-жылдын экономикалык жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 2025-жылы экономиканын өсүү темпи 11,1%га жетти, жана Ички дүң продукт (ИДП) 1 трлн 976,4 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүчкө ээ болуп жатат. Мисалы, 2022-жылы ИДП 1 трлн 21 млрд сом болчу, демек үч жылдын ичинде экономиканын көлөмү дээрлик эки эсеге өстү.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, өсүшкө экономиканын бардык тармактары салым кошту:

  • Курулуш сектору – 21,1%га,

  • Тейлөө сектору – 10,9%га,

  • Айыл чарбасы – 2,2%га,

  • Өнөр жай – 10,7%, продукциянын көлөмү дээрлик 800 млрд сомго жетти.

Өнөр жайда өзгөчө жогорку өсүү темптери төмөнкүлөрдө катталды:

  • Фармацевтика – 1,7 эсе,

  • Тамак-аш азыктарын өндүрүү – 30,1%,

  • Резина жана пластмасса буюмдары, курулуш материалдары – 35,7%,

  • Автомобиль өндүрүү – дээрлик 2 эсе,

  • Химиялык продукция – 19,8%,

  • Пайдалуу кендерди казуу – 14,2%.

Мындан сырткары, негизги капиталга инвестициялар 18,4%га көбөйүп, 374,6 млрд сомду түздү. Алардын 24% же 90,3 млрд сому республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган, бул 2024-жылга салыштырмалуу 42,7%га көп.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, мындай көрсөткүчтөр экономикалык саясаттын натыйжалуу жүргүзүлүп жатканын жана өлкөнүн өнүгүү багыты туура экенин көрсөтөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз