Бир жумада дээрлик 17 миң афгандык качкын мекенине кайтып келди

Өткөн жуманын ичинде Иран жана Пакистан аймактарынан 2 миң 981 афган үй-бүлөсү, жалпы саны 16 миң 928 адам Афганистанга кайтып келди. Бул тууралуу Афганистандын репатрианттар маселесин чечүү боюнча Жогорку комиссиясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мекенине кайтып келген бардык үй-бүлөлөргө ыкчам гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Анын алкагында азык-түлүк, ичүүчү таза суу, медициналык кызматтар жана бара турган жерине чейин акысыз транспорт берилген.

Комиссиянын баалоосуна ылайык, учурда чет өлкөлөрдө, негизинен Иран жана Пакистанда, 6 миллионго жакын афган качкыны жашап келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз