Түркия Кыргыз Республикасынын экономикасындагы эң ири үч инвестордун бири болду. Өткөн жылдын алгачкы тогуз айында түрк инвестициялары дээрлик эки эсеге көбөйүп, 95,5 пайызга өскөн. Бул тууралуу TRT телеканалы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстандын экономикасына тартылган түрк инвестицияларынын көлөмү 139,5 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2024-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 71,3 миллион доллар болгон.
Инвестициянын мындай олуттуу өсүшүнүн жыйынтыгында Түркия Кытай жана Орусиядан кийин Кыргызстандын экономикасына эң көп каражат салган үчүнчү ири инвестор катары орун алды.
Ошондой эле белгиленген мезгилде Кыргыз Республикасына тартылган чет элдик түз инвестициялардын жалпы көлөмү 885 миллион долларды түзүп, бул 2024-жылдын алгачкы тогуз айына салыштырмалуу 18,4 пайызга өскөн.
Эксперттердин баамында, инвестициялык агымдын көбөйүшү өлкөнүн экономикалык туруктуулугуна жана ишкердик чөйрөнүн жакшыртылышына оң таасирин тийгизүүдө.


