АКШда катуу кар бороону болуп, анын кесепетинен жүз миңдеген керектөөчүлөр электр энергиясыз калып, миңдеген авиакаттамдар жокко чыгарылды. Табигый кырсык өлкөнүн адаттан тыш чоң аймагын — Техастан тартып түндүк-чыгыш штаттарга чейин камтыды.
Акыркы маалыматтарга ылайык, түштүк штаттарда 800 миңге жакын керектөөчү электр жарыгынан ажыраган. Эң олуттуу кырдаал Теннесси, Техас, Миссисипи жана Луизиана штаттарында катталган. Теннесси штатындагы ири шаар — Нашвиллде жана анын чет жакаларында 200 миңдей абонент жарыксыз отурат. Nashville Electrical Service компаниясы жарык өчүүсү бир нече күнгө же андан да узакка созулушу мүмкүн экенин эскертти.
АКШ аэропортторунда кышкы «Ферн» бороонуна байланыштуу ишемби жана жекшемби күндөрү 14 миңден ашуун авиакаттам токтотулган. Айрыкча жекшемби күнү Вашингтондогу Рональд Рейган атындагы аэропорттон бардык каттамдар толугу менен токтотулган.
Нью-Йорк, Хьюстон жана башка ири шаарларда дүйшөмбүдөн тарта мектептердеги сабактар аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, «Ферн» бороону Скалист тоолордон тартып түштүк штаттар аркылуу Жаңы Англиянын Атлантика жээгине чейин жетип, катуу кар жана муздуу жаан жолдордо кооптуу кырдаалды жаратууда.
Бир катар штаттарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бийлик эскертүүлөрүнөн кийин тургундар азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү товарларды массалык түрдө сатып ала баштап, айрым дүкөндөрдүн текчелери бош калган.

